Сулайман-Тоо музей комплексинин жетекчилиги: Тоо кечинде сойкуканага айлангандыгынан, кирүүгө чектөө салуу керек

Музей комплексинин жетекчилигинин айтуусунда, кечки саат тогуздан кийин жаштар келип «ыплас иштерин жасашат». Ошондуктан алар кечинде элди тоого чыгарбоону ички иштер башкармалыгынан талап кылууда. ИИБ тоонун администрациясы «өз маселесин өзү чечиш керек» деп маалымдады.


Сулайман-Тоо музей комлексинин башчысы Абдырайым Тургунбаев, тоо ыйык жана мамлекеттин сыйлуу мурасы болгондугу үчүн аны кечки саат тогуздан кийин кароолго алып жана адамдардын кирүүсүнө тыю салуу керектигин жарыялады. Анын айтуусунда, түндөсү тоо «сойкукана» болуп кетет.

«Алар публичный домго айландырышат. Ал жерге кимдер барат, студенттер, хулигандар, бекерчилер барат. Арак ичишет, анткени ал жерди түнү эч ким карабайт. Түндөсү сүйүү менен алектенишет. Ал жерде ички кийимдер пайда болуп калат. Биз аларды тазалайбыз»,—деп нараазаланды Абдыраев

Сунушталган чектөө убактысы кечки саат 21:00 дөн 6:00 гө чейин.

Ошондой эле Абдыраев тоону коргоого администрациянын каражаты жок экендигин айтып, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери күзөтчүлөр менен камсыз кылуу керектигин кошумчалады.

Жергиликтүү жашоочулар да бул жерде кечинде тынчтык жок экендигин тастыкташты.

«Кароолчусу жок, кеч курун бакыр-чакыр болот. Жалап кыздар, жалап балдар чыгышат. Түнү мене уйку беришпейт», — дейт өзүн тааныштыргысы келбеген жаран.

Ал эми Маликохан Умотжаева болсо кечинде ичкилик ичип кыйкырган балдар болоорун айтат.

«Тоодо эми кыздар жүрөт да бирөөсү ырдайт, бирөөсү дат дейт», — деди Умотжаева.

Ош шаардык ИИБнин орун басары Кылычбек Жолдошовдун айтымында, бул маселени музей комплексинин жетекчилиги өзү чечиш керек.

«Күзөөтчү агентстволор менен сүйлөшсүн. Акча түшүп жаткандан кийин өздөрүнүн маселесин өздөрү чечишсин да. Биз кандайдыр бир имараттарды таң атканча карап отурбайбыз да», — деп айтты Жолдошов.

Буга чейин музей комплексинин жетекчилиги кечинде тоого кирүүгө чектөө салуу жөнүндө айтып келген. Анда жергиликтүү бийлик жана ЮНЕСКО улуттук комиссия чечим кабыл алат деген маалымат таратылган. Сулайман-Тоо 2009-жылы Бүткүл дүйнөлүк Юнеско мурасынын тизмесине кирген. Юнесконун негизги талабы — бул мурастын алгачкы көрүнүшүн сактап калуу.

Автор: Кадича Рыскулова
Редактор: Айзат Шакиева