Сууда сүзүүчү Александров Кыргызстандын жаңы рекордун жаратты, бирок жарым финалга өтө алган жок

Кыргызстандык спортчу Дмитрий Александров Лондон Олимпиадасында 200 метр аралыкты брасс менен 2 мүнөт 17,92 секундада сүзүп өттү, бул өлкөнүн жаңы рекорду болду. Бирок ал жалпы эсеп боюнча 34 спортчунун ичинен 32-орунга ээ болуп, мелдештен четтеди.

Александров өзүнүн аралыгын спортчулардын биринчи тобу менен сүзүп өттү — ал топко негизинен төмөнкү көрсөткүчтүү сууда сүзүүүлөр кирет.

Сууда сүзүүнүн “заплыв” түрү боюнча кыргызстандыктын эки гана атаандашы болду — грузин Ираклий Болквадзе жана мадагаскарлык Цилавина Рамананцоа.

Александров грузин спортчусунан калып калды, бирок жыйынтык боюнча мелдештен четтетилген мадагаскарлыкты жеңди.

Калган төрт жолку сүзүүдө Александровдон Кытай спортчусу Чен Ченг гана начар көрсөткүчтү көрсөттү.

Жарым финалга 16 мыкты спотрчу өттү, баарынан тез ылдамдыкта, 2 мүнөт 8,71 секундада венгриялык Даниэль Дюрта сүзүп келди.

Брасс менен 200 метр аралыкка сүзүүнүн дүйнөлүк рекорду 2 мүнөт 7,31 секунд.

Александров бул көрсөткүчтөн 17,5 секунд убакыт калып калды, бирок бул Кыргызстандын жаңы рекорду болду.

Александровдон сырткары Лондон Олимпиадасындагы сууда сүзүү боюнча мелдешке кыргызстандык Дарья Таланова да катышат — ал 1-августта ошол эле аралыкта брасс менен сүзөт.

Автор: Гүлжан Турдубаева

Редактор: Бектур Искендер

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: EG Focus