Бишкектин борборундагы кытай кафесинде өрт чыкты, жабыр тарткандар жок

«Мей Ши Чень» кытай кафесинин ашканасы кечээ, 31-июлда күйүп кетти, жабыр тарткандар жок. Кафедегилер өрттүн чыгуусуна электр зымдарындагы көйгөйлөр себеп болушу мүмкүн, деп айтышты. Өрт өчүрүүчүлөр болсо азырынча өздөрүнүн версияларын билдирише элек.

Өрттөн «Мей Ши Чендин» ашканасы жана кафенин бир бөлүгү гана зыянга учурады.

Аны өчүрүүгө үч өрт өчүрүүчү унаа катышты.

Өрт өчүрүү кызматынын ыкчам нөөмөтчүсү Евгений Рыбалкин билдиргендей, өрттүн чыгуу себептери азырынча белгисиз, аны кийинчерээк эксперттик лаборатория аныктайт.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрттүн тутанышына ашканадагы электр зымдары себеп болгон.

Рыбалкиндин айтымында, негизинен ашкананын дубалдарына капталган жыгачтар күйгөн.

Ал «Клоопко» берген маегинде өрттү өчүрүп бүтүп калгандыктарын билдирди.

Кафенин жана анын жанында жайгашкан мончонун кардарлары өрт башталаары менен эшикке чуркап чыгышкан. Айтымдарында, аларды коопсуздук үчүн чыгып турууларын суранышкан.

Кафенин кызматкерлери өрт боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

«Мей Ши Чень» кафеси төрт кабатту имараттын биринчи кабатында жайгашкан. Ал имаратта ошондой эле «С легким паром!» деген аталыштагы мончо да бар.

Авторлор: Александра Ли жана Айшоола Айсаева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Айшоола Айсаева