Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик төрт алтын жана эки алтын-сурьма кенин сынактын негизинде сатыкка коет

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Учкунбек Ташбаев аукциондо кен чыга турган жерлер үчүн көбүрөөк каражат сунуштаган жана анда минералдарды өндүрүүгө жакшы шарт түзө алган компанияларга артыкчылык бериле тургандыгын билдирди. Аукцион сынак түрүндө өтүп, жеңүүчүнү аныктоо үчүн баллдык система колдонулат.

Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги төрт алтын кенин — «Тоголок» (Ысык-Көл облусу), «Тереккан» жана «Перевальное» (Жалал-Абад облусу, Чаткал району) жана эки алтын-сурьма кенин — «Терек» жана Терек_Сай (Чаткал Ала-Тоосунун түштүк тарабында) сатуу боюнча сынак жарыялады.

Агенттиктин директору Учкунбек Ташбаев кендерге эң көп балл алган катышуучу ээ болорун билдирди.

Сынак эки этапта жүргүзүлөт. Катышуучуларды өкмөттүн сынактык комиссиясы баалайт. Анын курамына өкмөттүн, геология агенттигинин эксперттери жана парламенттин ар бир фракциясынан бирден депутат кирет.

Биринчи этапта катышуучулар сынак жарыялангандан кийин 5 күн аралыгында катышуучунун формасын толтуруп, 210 миң сом төлөшү керек – 10 миң сом сынакка катышкандыгы үчүн жана 200 миң сом кен тууралуу геологиялык маалымат үчүн.

5 күндүк мөөнөт аяктаган соң комиссия бардык катышуучулардын билдирмелерин карап чыгып, кийинки этапка кимди өткөрүүнү чечет.

Экинчи этапта өкмөттүк комиссия баллдык система боюнча катышуучулар сунуштаган шарттарга баа берет.

Баалоонун критерийлеринин арасында: алтын өндүрүүчү фабриканын куруруштарынын аяктоо мөөнөтү, ишканадагы кыргыз жумушчуларынын саны жана кен үчүн сунуштай турган каражаттын өлчөмү бар.

Геология агенттигинин башчысы «Тоголок» кени эки жарым миллион АКШ долларына бааланып жаткандыгын билдирди.

Кендерди баалоону Бүткүл дүйнөлүк банк жүргүзөт. Бирок, азырынча калган беш кендин баасын аныктай элек, деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Ташбаевдин айтымында, мамлекет аныктаган лицензиянын баасынын үстүнө кошкон ар бир миллион АКШ доллары үчүн катышуучу кошумча 5 баллдан алат.

Сынактын жеңүүчүсүн өкмөттүн сынактык комиссиясы аныктайт.

Лицензияга ээ болгон компания бир ай аралыгында респуликалык бюджетке бонус төлөөсү керек. Бонустун көлөмү кендин аянтына жараша болот.

Сынактын кайсы күнү болоору так белгилүү эмес, аны өкмөт белгилейт.

2012-жылдын август айынын аягында Геология жана минералдык ресурстар агенттиги 12 алтын жана көмүр кенин сатуу боюнча аукцион өткөрөт.

Буга чейин «Ата Мекен» фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев өкмөт кендерди сатуу боюнча аукциондорду «коррупциялык схемаларды» колдонуу менен өткөргөнү жатат, деп билдирген. Бирок парламентарий өкмөт кайсы “коррупциялык” схемаларды колдоно тургандыгы тууралуу так айткан эмес.

Анын айтымында, бул схемалар министрлер кабинетине ишенбөөчүлүк көрсөтүүнүн себептеринин бири болуп саналат. Болжолдуу маалыматтар боюнча, бул маселе тууралуу парламенттин жыйыны 10-августта болот.

Автор: Александра Ли

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков