КТРК кыргызстандык спортчулардын Олимпиада-2012деги мелдештерге катышууларын көрсөтүүнү калыбына келтирди

Эки күн бою техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам Кыргызстандык спортчулардын мелдештерге катышуулары көрсөтүлбөй калган, эми Коомдук биринчи канал оюндарды көрсөтүүнү калыбына келтирди. Буга чейин «спутник көйгөйлөрү» болуп, КТРК Лондондо өтүп жаткан Олимпиада оюндарын көрсөтүүнү убактылуу токтоткон.

Курамына Коомдук биринчи канал кирген Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору Кубат Оторбаев кыргызстандык спортчулардын Олимпиададагы мелдештерге катышууларын көрсөтүү калыбына келтирилгендигин билдирди.

Эки күн бою КТРКнын жетекчилиги оор атлетчи Бекзат Осмоналиев, таамай атуучу Руслан Исмаилов жана яхтсмен Илья Игнатьевдердин мелдештерге катышууларын көрсөтө алган эмес.

Анда Оторбаев кыргызстандык спортчулардын катышуулары «спутник менен болгон көйгөйлөрдөн» улам көрсөтүлбөй калгандыгын билдирген.

«Учурда оюндарды алып көрсөтүү калыбына келтирилди, каналдагы техникалар да өз жайында», — деп жазылган КТРКнын пресс-релизинде.

КТРК Лондондо өтүп жаткан Олимпиада оюндарын көрсөтүүгө лицензия алган Кыргызстандагы жалгыз канал.

Телеканал 31-июлда, күндүз кыргызстандык спортчу Дмитрий Александров катышкан 200 метр аралыкка сүзүү боюнча мелдешти түз алып көрсөттү. Александров 34 спортчунун арасынан 32-оорунга ээ болуп, мелдештен четтетилди.

Улуу Британиянын борбору Лондондо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстан бир дагы медалга ээ боло элек.

Таамай атуучу Руслан Исмаилов 10 метр аралыктан пневматикалык мылтык менен атуу боюнча мелдеште 21-орун алып, финалга өтпөй калды.

Штангист Бекзат Осмоналиев 56 килограмм салмак категориясындагы оор атлетика боюнча эркектер арасындагы мелдеште штанганы түртүп көтөрө албай калды. Ал эми яхтсмен Илья Игнатьев «лазер» классындагы жарыштын эки этабында тең акыркы болуп келди.

Игнатьев медаль үчүн болгон күрөшүн 31-июлда кечинде улантты. Ал «лазер» классындагы жарыштын үчүнчү жана төртүнчү этабында катышты, бирок КТРК спортчунун төртүнчү күндөгү катышуусун көрсөткөн жок.

Автор: Анара Адылбек кызы

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: e-basak