Олимпиада-2012: Сууда сүзүүчү Таланова өз аралыгы боюнча акыркы оорун алууда

Кыргызстандык Дарья Таланова Лондон Олимпиадасында кыз-келиндер арасындагы 200 метр аралыкка брасс менен сүзүү боюнча мелдеште эң жай убакытты көрсөттү. 16 жаштагы бишкектик кыз Кыргызстандын делегациясынын курамындагы эң жаш спортчу.

Дарья Таланова Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкка брасс менен сүзүү олимпиадалык мелдешинин биринчи бөлүгүндө 34-орунга ээ болгон.

Ал спортчулардын биринчи тобунда катышты — ага эң төмөнкү квалификациялык көрсөткүчтүү сууда сүзүчүлөр киргизилген.

Мелдеште Таланова эки атаандаш менен жарышка түштү — венгриялык Анна Станкович жана ямайкалык Алия Аткинсон.

Таланова аралыкты өзүнүн атаандаштарынан 10 секундага кеч, 2 мүнөт 38,01 секундда сүзүп өттү, ал эми жалпы эсеп боюнча словениялык Тан Шмидден 7 секунд кеч келген.

Таланова мелдешке катышып баштаганга чейин эле Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин өкүлдөрү анын жарым финалга чыгуусуна көп деле ишенбей жаткандыктарын «Клооптун» журналисттерине билдиришкен.

Ал дээрлик сууда сүзүүчү Дмитрий Александровдун жолун жолдоду.

Ал бир күн мурун ушул эле аралыкта жарышка түшүп, 34 спортчунун арасынан 32-орунга ээ болгон. Бирок андагы көрсөткүчү менен ал Кыргызстандын жаңы рекордун жараткан.

Автор: Бектур Искендер

Которгон: Илгиз Чалбараков