Сот мамлекетти жарандардын жеке маалыматтарын коргоо үчүн атайын орган түзүүгө милдеттендирди

Бишкектин райондор аралык соту өкмөттү жарым жылдын ичинде жарандар тууралуу маалыматтарды коргоо үчүн атайын орган түзүүгө милдеттендирди. Соттун жыйыны укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жазган доо арызынын негизинде өттү. Ал эксперименттин жардамы менен өкмөттүн маалыматтык базасында сакталган кыргызстандыктардын жеке маалыматтары тиешелүү деңгээлде корголбогондугун көрсөтүп берген.

Соттун 1-августтагы чечимине ылайык, өкмөт жарым жыл аралыгында кыргызстандыктардын жеке маалыматтары сакталган мамлекеттик маалыматтар базасын коргоо үчүн атайын орган түзүүсү керек.

Өкмөткө каршы доо арызды укук коргоочу Нурбек Токтакунов берген. Ал эксперименттин алкагында, өзүнүн кызматкерлери менен биргеликте маалыматтык базалардын бирин бузуп, андан өз каалоолору менен макул болгон адамдардын жеке маалыматтарын алып чыккан.

Укук коргоочу кантип жана кайсы маалыматтык базаны бузгандыгын так айткан жок.

Азырынча өкмөт бул чечими боюнча соттун жогорку инстанциясына доо арыз менен кайрылабы белгисиз. Өкмөттүн аппараты түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Токтакуновдун арызы боюнча соттун жыйынын 27-июлда болгон. Анда өкмөттүн өкүлдөрү келбей калгандыктан сот процесси жылдырылган.

Өкмөттүн аппаратынан “жеке маалыматтарды коргоо маселелери боюнча УКМКга кайрылгыла”, деп жооп берип жатышат.

УКМКнын жетекчилиги эмгек өргүүсүндө жүргөндүктөн түшүндүрмө берүүгө жекиликсиз болуп чыкты.

Автор: Александра Ли

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт Нурбек Токтакуновдун жеке блогунан  алынды