Тез-Тор көлүнүн толуп кетиши Бишкекке жана анын айланасына коркунуч туудурбайт

Плотинасынан суу ташып агып чыга баштаган Тез-Тор көлүндөгү абал нормалдашты. 31-июлда бир күн бою көлдүн толуп кетишинен улам ага жакын жайгашкан айылдар менен Бишкектин чет жаткарын суу каптап кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов «Клоопко» билдиргендей, Тез-Тор көлүнүн платинасы аркылуу суу эртең мененки саат 9:30да агып чыга баштаган.

Бороновдун айтымында, учурда андагы суунун деңгээли бир аз төмөндөгөн. Каза болгондор менен жабыр тарткандар, ошондой эле суунун каптоо коркунучу жок.

Бишкектин мэри Иса Өмүркулов шаар тургундарынын дүрбөлөңгө түшүүсүнө «эч кандай негиз жок», экендигин билдирди.

Анын айтымында, плотина аркылуу агып чыккан суунун көлөмү — 7-8 куб метр. Өмүркулов муну «коркунучсуз» деп эсептейт.

Бирок эртең менен алар Ала-Арча суусунун жанында жайгашкан бала бакчанын кызматкерлери менен андагы балдарды коопсуз жерлерге эваукацияланышкандыгын кошумчалалды.

Көлгө жакын жайгашкан айылдарга барып келген «Клооптун» кабарчылары 31-июль күнү кечке жуук жергиликтүү жашоочулар тынчып, үйлөрүнө тарап кетишкен.

Милиция кызматкерлери менен чек ара кызматынын аскерлери бир күн бою көлгө жакын жайгашкан айыл тургундарына «коопсуз», бийигирээк жерлерге барып турууга чакырган баракчаларды таратышты.

ӨКМдин администрациясынан кечке жакын калкты коопсуз жакка барып туруу чакырыктары токтотулгандыгын билдиришти.

Мөңгүлөрдүн ээриши

Бийлик эс алуучулар арасында популярдуу болгон Ала-Арча капчыгайында жайгашкан Тез-Тор көлүндөгү суунун деңгээлинин жогорулоосуна ысык күндөрдөн кийинки мөңгүлөрдүн ээрүүсү себеп болгон деп болжолдоп жатышат, деди шаар башчысы.

Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин кызматкери Руслан Суванкуловдун айтымында, мекеме ӨКМге 20-июлда эле плотина аркылуу суунун агуусунун мүмкүндүгүн эскерткен.

Мамагенттик Тез-Тор көлүндөгү суунун деңгээлин жасалма жол менен төмөндөтүүнү сунуш кылган, бирок министрлик бул сунушка карата эч кандай мамилесин билдирген жок, дейт Суванкулов.

ӨКМдин башчысы министрлик «барууга кыйын» болгондуктан Тез-Тор көлүндөгү суунун деңгээлин жасалма жол менен азайтуудан баш тарткандыгын билдирди.

Анын айтымында, ал жерге жабдуулар менен керектүү материалдарды жеткирүү «кыйын».

Суунун агып чыгуусу 20-августка чейин уланышы мүмкүн.

ӨКМдин басма сөз кызматынын расмий маалыматтары боюнча, мекеменин кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясы жана Чүй облустук администрациясы менен биргеликте өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн чараларды көрүп жатышат.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Ольга Кравченко