Караколдо көлдүн кумдуу жээгинде холера оорусунун козгогучу табылды

Шаардын кумдуу жээгинде холеранын вибриону табылды, деп билдирди саламаттыкты сактоо министрлигинин Каракол шаарындагы чума оорусуна каршы бөлүмчөсүнүн башчысы Равшанбек Маймулов. Жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы боюнча, табылган бактериянын түрү жайылып кетпейт. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынан бул холеранын коркунучсуз түрү экендигин айтышты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Каракол шаарындагы Карантиндик жана өзгөчө коркунучтагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери Равшанбек Маймулов июлдун аягында шаардын кумдуу жээгинен холера оорусунун козгогучу табылгандыгын айтты. Анализдердин жыйынтыктары бул авируленттүү вибриондор экендигин көрсөткөн — тактап айтканда адамда холера оорусун пайда кылбаган түрү болгон.

«Бул жакын жерде холеранын кадимки түрү болушу мүмкүн деген алгачкы белги»,- деп белгиледи ал.

Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук уюмунун  маалыматы боюнча, холера оор жугуштуу оору болуп саналат. Оору жуккан учурда адамдын организмине энтеротоксин иштеп чыга турган бактериялар кирет. Энтеротоксин өз кезегинде абдан көп суу диареясын пайда кылат. Эгер адам өз убагында дарыланбаса ал организмдеги сууну азайтып, оорулууну өлүмгө чейин жеткириши мүмкүн.

Бирок Маймулов холеранын башталгыч формасы ыңгайлуу шартта оорунун коркунучтуу формасына айланып, калк арасына таркай башташы мүмкүн экендигин айтты.

«Козгогуч үчүн кандай гана ыңгайлуу учур болбосун — ал ылаңдата турган формасына ээ болуп, коркунучтуу түрүнө айланат. Андан кийин калк арасына таркай баштайт», — дейт Маймулов.

Анын айтымында, организм суусузданып баштагандан эки саат өткөндөн кийин эле адам өлүп калышы мүмкүн.

Маймулов жугуштуу ылаңдын булагын айтуудан баш тартты.

Алдын алуу үчүн каражат жок

Равшанбек Маймулов холеранын таркап кетүүсүнө жол бербөө үчүн кумдуу жээктерде алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүшү керек дейт. Бирок буга бийликтин каражаты жок.

«Ал жакта алдын алуу иштерин жүргүзүш керек. Бирок акча жок болгондуктан эч кандай чара көрүлгөн жок. Бул иш менен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы алектениши керек», — деп түшүндүрдү ал.

Маймулов белгилегендей, шаардын кумдуу жээгинен холеранын козгогучу табылгандыгы тууралуу шаар тургундары кабардар эмес.

«Коркунучсуз формасы»

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын Каракол шаарындагы бөлүмүнөн билдиришкендей, адистер холеранын адам үчүн «коркунучсуз» болуп эсептелген авируленттүү вибрион түрүн табышкан.

«Эгер вируленттүү түрү болгондо биз да  иштеп, бардыгына билдирмекпиз да», — дейт Ысык-Көл облустук санитардык-эпидемиологиялык кызматынын эпидемиолог даарыгери Бермет Миңбаева.

Ал холера вибриону быйыл гана табылгандыгын кошумчалады.

«Ысык-Көл облусунда холера болгон эмес. Акыркы жолу качан болгондугу эсимде жок. Декада сайын [10 жыл] биз сууну текшерип турабыз. Акыркы анализ эч нерсе жок экендигин көрсөткөн», — деди Миңбаева.

Бирок ал холеранын авируленттүү вибриондорунун күчтүү түрүнө өтүп кетүү коркунучунун мүмкүн экендигин айта алган жок.

2010-жылдын аягында Гаитиде холера эпидемиясы болгон. Анда 200 миң киши ооруп, 3 миңи каза болгон.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: hukuzatuna