Олимпиада-2012: Балбан Мусаевдин спарринг-өнөктөшү жүрөгү токтоп калып каза болду

Олимпиадага бара турган Магомед Мусаевге машыгууларда жардам берип жаткан эркин күрөш боюнча спорт чебери Расул Акымбаев кечинде жатып, эртеси 30-июлда ойгонбой калган. Спортчунун машыктыруучусу Акымбаев каза болгонго чейин өзүн жакшы эле сезип жүргөндүгүн айтты.

23 жаштагы Акымбаев Ысык-Көлдөгү «Аврора» санаторийинде машыгып жүргөндө уктап, ошол бойдон ойгонбой каза болду.

Акымбаев менен бир бөлмөдө жашаган спортчулар бир нерсе болгонун сезишип, санаторийдин башкы догдурун чакырышкан. Бирок догдурдун аракеттерине карабай спортчу ойгонгон эмес.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн соттук экспертиза спортчунун каза болуусунун себеби анын жүрөгүнүн токтоп калышы экендигин аныктады.

Акымбаев Лондон Олимпиадасында 96 килограмм салмак категориясы боюнча 12-августта күрөшө турган балбан Магомед Мусаевдин спарринг-өнөктөшү болчу.

Мусаев кезектешип сегиз спортчу менен машыгып жаткан, алардын арасында олимпиадачыдан 20 килограммга жеңил болгон Акымбаев да бар болчу.

Жеке машыктыруучусунун, ошондой эле башка спортчулардын айтымдарында, Акымбаев машыгуу башталгандан бери өзүн жакшы эле сезип жүргөн.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков