Ош: Насыяларын төлөй албай, кичи насыя берүүчү компаниялардын жоюлушун талап кылып жаткан аялдардын лидери «уурдалды»

Насыяларын төлөй албай, кичи насыя берүүчү компаниялардын жоюлушун талап кылып жаткан 70 аялдын лидери Венера Ашырованы Ош мэриясынын жанынан эки бала «күч колдонуп» унаага салып кетишти, деп билдиришти күбөлөр. Алар бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына кайрылышкан. Бирок УКМК түшүндүрмө берүүүдөн баш тартты.

Ош шаарынын мэриясынын алдына төртүнчү күнү митингке чыкканыбызда Ашырованы уурдап кетишти, деп билдиришти насыясын төлөй албай жаткандар.

Окуянын кандай болгонун көргөн күбөлөрдүн айтымдарында, эки бала Ашыровага келип, аны вице-мэр күтүп жаткандыгын айтышкан. Андан кийин ага «күч колдонуп» унаага салып кетишкен.

«Күрөң түстөгү футболка кийген бала Венера эже менен сүйлөшкүсү келип жатканын айтып, аны эки үч кадам ары алып кеткен. Бир аздан кийин эже кыйкырып калды, артынан чуркайлы десек эшикти жаап салышты. Биз имаратты айланып баргыча алар кетип калышыптыр», — дейт күбөлөрдүн бири Рая Орозалиева.

Насыясын төлөй албай жаткандар бул окуя боюнча арыз жазып УКМКга кайрылышкандыгын билдиришти.

Атайын кызматтагылар бул маалыматты четке каккан жок, ошондой эле ырастаган да жок. .

Ош шаарындагы нааразычылык акциясына катышуу үчүн Алай, Ноокат, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунан 70тей аял келген — алардын бардыгы тең мэриядан кичи насыя бере турган компанияларды жоюууна талап кылып жатышат.

Насыя алгандар төлөмдөр боюнча чегерилген сумманы төлөй албай калышып, буга кичи насыя берүүчү компанияларды «пайыздары өтө эле жогору» деп күнөөлөп жатышат.

Компаниялар түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Ош шаарынын вице-мэри Алимжан Байгазаков билдиргендей, мэрия менен насыя берген компаниялардын имараттарын өрттөйбүз деп коркутуп жаткан аялдардын көйгөйлөрүн чечүү шаар бийлигинин компетенциясына кирбейт.

Байгазаков Ашированы «ким уурдап кетиши» мүмкүн экендигин мэриядагылар билбейт деди.

Автор: Кадича Рыскулова

Редакторлор: Айзат Шакиева жана Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков