Садыркулов кызматтан кеткенден кийин анын ордуна барган Темирбаев мурунку аппарат жетекчисинин өлүмү боюнча көрсөтмө берди

Медет Садыркулов президенттин аппаратынын жетекчиси кызматынан кеткенден кийин анын ордуна барган Курманбек Темирбаев Кыргызстандын Аскердик сотунда көрсөтмө берди. Версиялардын бири боюнча, Садыркуловду Темирбаевдин шаардын сыртындагы үйүндө өлтүрүшкөн — бирок чиновник бул маалыматтарды четке какты.

Аскердик соттун жыйынында Темирбаев “президенттин мурунку аппарат жетекчиси менен анын жанындагыларды менин шаар четиндеги үйүмдө өлтүрө алышпайт болчу” деди.

Чиновниктин айтымында, ал өзүнүн шаардын сыртындагы үйүн ижарага берген. Садыркулов өлгөн 2009-жылдын 12-мартынан 13-мартка караган түнү үйдү ижарага алган Айзада Болубаева ал жерде болгон эмес

«Болубаева ал жерде дайыма жашачу эмес. Келип-кетип турчу, мен аны көзөмөлдөчү эмесмин», – дейт Темирбаев.

Бирок Темирбаевдин көрсөтмөсүнө ылайык, Болубаева үйгө кайтып келгенде өлтүрүүнүн издери жок болгон, ал эми кошуналары шектүү деле эч нерсени байкашкан эмес.

Ал белгилегендей, анын шаардын сыртындагы үйүнүн дарбазасында да, эшиктеринде да кулпу жок болгон.

Болубаева чет өлкөгө чыгып кеткендиктен сотко көрсөтмө бере албайт — чечим чыгарууда анын тергөө убагында берген көрсөтмөлөрү эске алынат.

Аскердик соттун кийинки жыйыны 3-августка белгиленди.

Унаа кырсыгыбы же өлтүрүүбү?

Экс-президенттин мурунку аппарат жетекчиси Садыркулов 2009-жылдын мартында Казакстандан келе жатканда каза болгон. Болжолдуу түрдө саясатчы ал жерге Бакиевди кызматтан кетирүү үчүн акча издеп барган.

Кыргызстандын укук коргоо органдары алгач Садыркулов унаа кырсынын айынан каза болгон, деген версияны айтышкан.

Кийин, 2010-жылдагы революциядан кийин милиция унаа кырсыгы атайын эле уюштурулган жана Садыркулов президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен өлтүрүлгөн деген жаңы версияны айтып чыгышкан.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Тахир Рысалиевге жашыруун түрдө Садыркуловду кармап, өлтүрүү тапшырмасын берген.

Жоромолдордун бири боюнча, президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан өтөөр менен анын унаасын токтотушуп, андагыларды Жаныш Бакиев күтүп отурган Темирбаевдин үйүнө алып барышкан.

Тергөө Садыркулов менен анын жанындагыларды колу-бутун байлап, шаардын сыртындагы үйдө кынап өлтүрүршкөн, андан кийин унаа кырсыгын атайын уюштурушкан деп болжолдойт.

Жетинчи жыйын

Аскердик сот Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти 2011-жылы карап баштаган – бүгүн жетинчи жыйыны болду.

Буга чейин сот саясатчы каза болгон унааны экспертизадан өткөрүүгө бийлик каршылык көрсөткөндүгү тууралуу айткан эксперттердин көрсөтмөлөрүн уккан.

Сот ошондой эле Садыркуловдун денесин экспертизадан өткөргөн соттук-медициналык эксперттерди да уккан — алар саясатчы унаа кырсыгынан каза болгондугун айтып, далилдөөгө аракет кылышкан. Бул андан кийин өткөрүлгөн экспертизанын жыйынтыктарына каршы келет — ал президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси муунтулуп өлтүрүлгөн, деген бүтүм чыгарган.

Садыркуловдун достору жана кесиптештери аны менен болгон акыркы жолугушуулары тууралуу айтышкан. Анда саясатчы Бакиевди бийликтен кетирүү боюнча пландарын айтып берген.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков