Юстиция министрлиги: 61-мектепти өзүн өзү каржылоого өткөрүү сунушун жокко чыгарган чечим — бул акыркы чечим

Юстиция министрлиги Бишкектеги физика-математикалык багыттагы №61 мектеп-лицейин өзүн өзү каржылоого өткөрүүгө расмий түрдө каршы чыгып, аны «Конституциянын нормаларынын бузулушу» деп атады. Мекемеден бул чечим акыркы чечим экендигин билдиришти.

Юстиция министрлигинин алдындагы укуктук экспертизаны башкаруу бөлүмүнүн кызматкери Нурмира Токтогулова №61 мектеп-лицейин өзүн өзү каржылоого өткөрүүнү жокко чыгарган чечим акыркы чечим экендигин жана мындан ары өкмөттүн бул долбоорун эч ким талкууга албай тургандыгын билдирди.

Өз чечимин Юстиция министрлиги мектепти өзүн өзү каржылоого өткөрүү идеясы Кыргызстандын Конституциясынын нормаларына жана мыйзамдарына туура келбей тургандыгы менен түшүндүрдү.

Министрликтин расмий билдирүүсүндө мектепти каржылоонун башка жолуна өткөрүү Конституциянын 20-беренесине каршы келет деп жазылган. Ал беренеге ылайык, мамлекеттик жалпы билим билим берүүчү мекемелеринде балдар бекер билим алууга укуктуу.

Министрлик «Билим берүү тууралуу» мыйзамдын 44-беренесине таянып, мамлекет билим берүүгө каражат бөлүп, анын артыкчылыгын камсыз кылып бериш керек деп эсептейт.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын мектептеринде билим берүү бекер болушу керек.

Буга чейин №61 мектепти өзүн өзү каржылоого өткөрүү чечимине билим берүү министрлиги да каршы чыккан.

Юстиция министрлигинин бул чечими тууралуу өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров эч кандай түшүндүрмө берген жок.

Талаш идея

17-июлда Кыргызстандын өкмөтү №61 мектепти өзүн өзү каржылоого өткөрүү жөнүндөгү токтомдун долбоорун чыгарган.

Бул расмий түрдө мектептин статусунун алмушуусу мамлекеттик бюджеттин 18 миллион сомун үнөмдөйт деп түшүндүрүлгөн.

Өкмөттүн долбоорун колдогон мектептин директору Юрий Низовский окуучулардын билим алуусуна болгон төлөмдөр айына 2500 сомдон 5000 сомго чейинки сумманы түзө тургандыгын билдирген.

Өкмөттүн планына мектепте окуган окуучулардын ата-энелери да каршы болушкан — алар мектеп жетекчилиги менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрүшүп, долбоордун ишке ашуусуна жол бербешин талап кылышкан.

Алар тарапка президент Алмазбек Атамбаев да өтүп, Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнүн демилгесин «Конституциянын бузулушу» деп атаган.

№61 мектептин директору Өмүрбек Бабановдун «Республика» партиясынын мүчөсү.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редакторлор: Бектур Искендер жана Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков