Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы билдиргендей, 31-августтагы тосмо аркылуу суунун агып чыгуусуна Тез-Тор көлүндөгү арыктардын бүтөлүп калуусу себеп болгон. Министр көлдөгү кырдаал кайталанышы мүмкүн экендигин билдирди. Ошол эле учурда андагы суунун деңгээли бир топ эле төмөндөп калды дейт.
ӨКМдин башчысы Кубатбек Боронов Тез-Тор көлүндөгү арыктардын бүтөлүп калуусу 31-августтагы тосмо аркылуу суунун агып чыгуусуна себеп болгон деди.
«Кандай гана көл болбосун суу агып чыгып турган өзүнүн арыгы болот. Тез-Тордо азырынча белгисиз болуп аткан себептерден улам арыктар бүтөлүп калган — мүмкүн муз же башка бир нерсе тосуп калган», — деди министр.
Бороновдун айтымында, учурда куткаруучулар тик учактар менен бийик тоодо жайгашкан көлдү айланып карап жүрүшөт. Алардын маалыматтары боюнча, Тез-Тордогу суунун деңгээли «бир топ» төмөндөп калган.
Министрликтин болжолдоосу боюнча, эгер август айынын ортосуна чейин «ысык, жылуу» аба ырайы сакталса, мөңгүлөр «көп» ээрип башташы мүмкүн.
Министр көлдөгү кырдаал кайталанышы мүмкүн экендигин белгиледи.
«Эгер арык кайра жабылып калбаса эле, суунун деңгээли көтөрүлбөшү керек», — деди Боронов.
Тез-Тор көлүндөгү суу 31-июлда тосмо аркылуу агып чыга баштаган.
Ал күнү суунун агып чыгуусу тууралуу маалымат кыргызстандыктар үчүн негизги жаңылык болду — маалымат агенттиктер менен телеканалдарда көлдөгү суунун деңгээлинин жогоруулоосу тууралуу маалыматтар өтө көп болгон.
Милиция кызматкерлери менен чек ара кызматынын аскерлери бир күн бою көлгө жакын жайгашкан айыл тургундарына «коопсуз», бийигирээк жерлерге барып турууга чакырган баракчаларды таратышкан.
Куткаруучулар жогорку жагында Тез-Тор көлү жайгашкан Ала-Арча суусунун жанындагы бала бакча кызматкерлерин, андагы балдарды коопсуз жерге эвакуациялашкан.
Анда Бишкек бийлиги шаар тургундарынын дүрбөлөңгө түшүүсүнө «эч кандай негиз жок», экендигин билдирген.
ӨКМдин маалыматы боюнча, каза болгондор жана жабыр тарткандар болгон эмес. Коопсуз жактарга барып туруу чакырыктары 31-июлда кечинде аяктаган.
Автор: Любовь Шевченко
Редакторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Зарема Султанбекова
Которгон: Илгиз Чалбараков
Сүрөттүн автору: Ольга Кравченко