Прокуратура Сабировду камакка алууну талап кылып жатат

Бишкек шаардык соту Кыргызстандын Жогорку сотуна арыз менен кайрылып, «коррупцияга» күнөөлөнүп жаткан социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду УКМКнын тергөө абагына камоону талап кылды. Чиновниктин жактоочусу көзөмөлдөөчү органдын талабын «аргументтештирилбеген» талап деп эсептейт.

25-июлда Бишкек шаардык соту депуттардын жеке кепилдиги менен Сабировду УКМКнын тергөө абагынан кое берген — Бишкек шаардык прокуратурасы соттун чечими менен макул болбой Кыргызстандын Жогорку сотуна прокуратуранын сунуштамасын жиберген.

Көзөмөлдөөчү орган Сабировду кайрадан камакка алууну талап кылып жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул талаптын себептерин түшүндүргөн жок.

Министрдин жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев прокуратуранын билдирүүсүн «аргументтештирилбеген» деп эсептейт.

«Менин пикиримде — прокуратуранын сунуштамасы орган коррупция менен күрөшүп жатат деген имишти көрсөтүү үчүн жиберилди», — деп билдирди Сабировдун жактоочусу.

Сабиров үчүн Жогорку Кеңештин алты депутаты кепилдик берген: «ар-намысчылар» Турсунбай Бакир уулу менен Бөдөш Мамырова, «Ата-Журт» фракциясынан депутаттар — Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов, жана партиясыз депутаттар Өмүрбек Абдырахманов менен Равшан Жээнбеков.

«Мен күнөөлөрдүн бир дагы пункту менен макул эмесмин жана күнөөлүү эмесмин. Мен эч кимден пара алган да, талап да кылган эмесмин», – деп эсептейт Сабиров.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Сабировду жайдын аягына чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

«Социалдык өнүктүрүү министри июлдун башында чет элдик компаниялардын биринен пара талап кылган деген шек менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши 30-июнда козголгон.

Ошондой эле пара талап кылгандыгы үчүн Сабировдун жардамчысы Тахир Мирзаметов да кармалган.

УКМКнын маалыматы боюнча, Мирзаметов параны өзүнүн жетекчиси үчүн талап кылгандыгын моюнуна алган.

«Министрдин жардамчысы чет элдик компаниялардын бирине Кыргызстандын аймагында балдарды Эл аралык багып алуу тармагында иш алып барууга аккредитация маселесин чечип берүү үчүн 20 миң АКШ долларын талап кылган», — деп жазган УКМК өз билдирүүсүндө.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков