Шизофрения менен ооруп, «жаңылыштыктан» улам 6 ай тергөө абагында жатып чыккан адам дарыланууга жиберилди

Нарын облустук соту Кочкор районунун шизофрения менен ооруган Асылбек Эркинбаев деген жошоочусуна карата козголгон кылмыш ишин токтотуу чечимин чыгарды. Аны психиатралдык экспертиза «кылмышы үчүн жаза тартууга жөндөмдүү эмес» деп тапты.

Нарын облустук сотунун судьясы Эркин Мамбеталиев Эркинбаевге карата козголгон кылыш ишин токтотуу жана аны Чым-Коргон айылындагы психикалык ооруканасына дарыланууга жиберүү чечимин чыгарды.

Медициналык экспертиза анын «кылмышы үчүн жаза тартууга жөндөмдүү эмес» экендигин аныктады.

Акыйкатчынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Рысбеков билдиргендей, Эркинбаев тергөөчүнүнүн, судьянын жана прокурордун «жаңылыштыгынан» улам тергөө абагына түшүп калган — алар тергөөнүн башталышында кармалган адамдын психикалык абалын текшеришкен эмес.

Эркинбаев 2009-жылдан бери «параноидалдык шизофрения» дарты менен Кочкор райондук ооруканасында каттоодо турат.

Рысбеков кошумчалагандай, анын оорусу тергөө абагында жатканда «күчөп баштаган».

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын кызматкери Элеонора Шаршеналиева тергүү учурунда Эркинбаевдин психикалык абалы текшерилбегендигин ырастады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф билдиргендей, эгер Эркинбаев жаңылыштык кетирган адамдарды сотко берсе ал тергөө абагында жарым жыл жаткандыгы үчүн компенсация ала алат.

Укук коргоочу Сардар Багышбеков кылмыш кылган учурда Эркинбаевдин психикалык жактан ооруйт деген дилили болгон соң, аны тергөө абагында кармабаш керек болчу деп эсептейт.

«Клооп» «жаңылыштык» кетирген тергөөчү менен прокурордун аты-жөнүн аныктай алган жок.

Ал эми судья учурда жайкы өргүүдө болуп, түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп чыкты.

Буга чейин Эркинбаевдин ишин карап, баш коргоо чарасы катары тергөө абагына камоо чечимин чыгарган Нарын райондун сотунун судьясы учурда жайкы өргүүдө болгондуктан түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп чыкты.

Автор: Александра Ли

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков