Жабдууларды жаңылоо үчүн Энергетика министрлиги электр энергиясына болгон тарифтерди жогорулатат

Электр энергиясына болгон жаңы тарифтер 2013-жылдын апрелинде киргизилиши мүмкүн, деп билдирди энергетика министрлиги. Мекеменин маалыматы боюнча, трансформаторлор менен электр өткөрүүчү зымдарды жаңылоо үчүн электр энергиясына болгон бааларды көтөрүшөт.

Тарифтердин көтөрүлүүсүнүн эсебинен чогулган каражат жаңы электр өткөрүүчү кабелдер менен трансформаторлорду сатып алууга жумшалат, дейт Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплекси департаментинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова.

Электр жарыгына болгон жаңы баалар азырынча так аныктала элек, «жакынкы аралыкта» такталат, дейт департаменттин директорунун орун басары.

Айдарова кошумчалагандай, электр энергиясын колдонуу үчүн жеңилдиктерди алган кардарларга баалардын көтөрүлүшү таасирин тийгизбейт. Алардын жеңилдиктери ошол бойдон калат.

2008-жыл үчүн жеңилдиктерди берүү жөнүндөгү токтомго ылайык, пенсионерлер, майыптар жана согуштун ардагерлери сыяктуу 23 топко жеңилдиктер берилет.

Энергетика тармагы боюнча серепчи Расул Умбеталиевдин пикиринде, электр энергиясына болгон бааларды «көтөрбөй эле» абалдан чыкса болот.

Ал мамлекет энергетика тармагынан келип жаткан каражаттарды «уурдагандарды» токтотуп, өзүнүн ички булактарын колдонсо болот дейт.

«Акырындык менен көтөрүү»

2011-жылдын декабрынан баштап Энергетика министрлиги электр жарыгына болгон тарифтерди көтөрүүнү Жогорку Кеңештин депуттары менен макулдашуусу керек болуп калган.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат, экономиканын тармактарын өнүктүрүү боюнча комитеттин мүчөсү Игорь Гусаров электр энергиясына болгон бааларды көтөрмөйүн абалдан чыгуу мүмкүн эмес деп эсептейт.

«Тарифтердин кичине болсо да көтөрүлүүсү Кыргызстанда ГЭСтерди куруу иштерин баштай турган инвесторлорду тартат», — дейт депутат.

Бирок ал бааларды «акырындык» менен көтөрүү керек деп эсептейт.

«Республика» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров электр жарыгына болгон бааларды «өтө жогорулатпаш керек» деп эсептейт.

«Тарифтердин көтөрүлүүсү канчалык аз болсо, мыйзам долбоорундагы бул өзгөртүүгө макул болушумдун мүмкүндүгү ошончолук жогору болот», — дейт Бакиров.

Курманбек Бакиев президент болуп турганда, 2010-жылдын башында тарифтердин кескин жогорулоосу кыргызстандыктардын нааразычылыгын жараткан — бул мурунку президенттин бийликтен түшүүсүнүн себептеринин бири болгон.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин түзүлгөн убактылуу өкмөт электр энергиясына жана башка тейлөөлөргө болгон тарифтерди кайра калыбына келтирген. Андан бери электр жарыгына болгон баалар көтөрүлө элек.

Автор: Бегайым Акбарова

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков