Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун координациялык кеңешиндеги орунга сынак 2-августта башталды, ал үй айга созулат, деп билдиришти акыйкатчынын аппаратынан. Кеңештин курамына жалпысынан 12 киши кирет.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун координациялык кеңешинин курамына жарандык сектордун өкүлдөрү жана эки парламентарий кирет, дейт бул сунуштун демилгечиси, депутат Равшан Жээнбеков.
Акыйкатчынын аппаратынын коррупция менен күрөшүүгө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Кылымсул Манешев сынак аяктаган соң тандалып алынган 12 талапкер курамын бекитүү үчүн парламентке сунуштала тургандыгын билдирди.
Акыйкатчынын аппаратынын маалыматы боюнча, сынак үй айга созулат.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду парламент тарабынан тандалып алынган акыйкатчы жетектейт.
«Шарттуу түрдө аны кыйноолор боюнча акыйкатчы деп атаса болот», — дейт Жээнбеков.
Анын айтымында, жаңы мамлекеттик коргоочу өлкөдөгү бардык түзөтүү жайларына эч кандай «тоскоолдуктарсыз» бара алат. Ал абактардын шарттарын текшерип, алардын абалдарын, иштөөсүн жакшыртуу боюнча сунуштарын өкмөткө берип турат.
Ошондой эле кыйноолор боюнча акыйкатчы абактагылардын туугандары менен жолугушуп, алардын түрмөдөгү шарттар тууралуу айткан даттанууларын угат. Ал эми атайын түзүлгөн комиссия алардын айткан дооматтарын текшерип, чын-төгүнүн аныкташ керек.
Мамлекеттик укук коргоочу кызматына жогорку билими бар Кыргызстандын каалаган жараны келе алат, дейт улуттук борборду түзүүнүн демилгечилеринин бири.
Улуттук борбордун штатында 20 киши болот, ал эми башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашат.
Жээнбеков «Клоопко» берген маегинде борбордун биринчи жылдагы ишине өкмөт алты миллиондон он миллион сомго чейинки каражат бөлүп бере тургандыгын айтты.
«Кадам сайын кыйноолор»
Укук коргоо органдарындагы кыйноолор менен күрөшүү боюнча орган Кыргызстанга Бириккен улуттар уюмунун кыйноолор боюнча атайын докладчысы Хуан Мендес 2011-жылдын декабрында келгенден кийин БУУнун сунушу менен негизделген.
Ал келгенге чейин депутаттардын көпчүлүгү «мамлекеттик бюджетти үнөмдөө» максатында жаңы органды түзүүгө каршы болуп келишкен.
Депутат Жээнбеков Кыргызстанда «кадам сайын» кыйноолор болуп жаткандыктан орган керек, деп эсептейт.
«Биз кыйноолор боюнча бир топ эле жогорку статистикага ээбиз», — дейт ал.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматкери Элеонора Шаршеналиеванын айтымында, Кыргызстандын бардык түзөтүү мекемелеринде видеобайкоочу камералар орнотулган, ошондой эле камактагылардан кимдир бирөө өзүн начар сезип калса дарыгерлер бар.
«Кадам сайын - жашоодо кыйноолор болушу мүмкүн, ал эми түзөтүү мекемелеринде болушу мүмкүн эмес», — дейт ал.
Сынчылар орган акыйкатчы менен башкы прокуратуранын ишмердүүлүгүн кайталап калат, деп айтышкан парламентте.
Кыргызстандын укук коргоочулары бир нече жолу укук коргоо органдары тарабынан көрсөтүлгөн кыйноолорго байланышкан бир дагы иш жабыр тарткан адамдын пайдасына чечилген эмес, деп нааразычылыктарын билдиришкен.
Автор: Айнура Каарманова
Редактор: Улугбек Акишев
Которгон: Илгиз Чалбараков
Сүрөттө: Былтыркы кыйноолордун курмандыгы болгон Руслан Оторбаев