Прокуратура: Милицияны кыйноого алды деп күнөөлөп жаткан адам «башы менен дубалга өзү урунган»

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылынын тургуну милиция кызматерлерин «кыйноого алган» деп күнөөлөп жатат. Бирок Каракол шаардык прокуратурасы «өзү башы менен дубалга урунганда» жарат алган деп, кылмыш ишин козгоодон баш тартты.

Канатбек Жайлобаевдин арызы боюнча кылмыш иши козголгон жок — ал жергиликтүү милиция кызматкерлерин «кыйноого алган» деп күнөөлөп жатат.

Каракол шаардык прокуратурасы «кылмыштын курамы жок болгондуктан» кылмыш иши козголбогондугун ырастап, андан аркы түшүндүрмө берүүдөн баш тартты — Жайлобаевдин арызы менен алектенип жаткан тергөөчү Аида Келдибаева жайкы өргүүдө.

«Биз кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тарттык. Дарыгерлердин бардыгы ал башы менен өзү дубалга урунганын айтып жатышат», – деген Каракол шаарынын прокурору Болот Абыкеев укук коргоочу «Голос свободы» уюмуна.

Абыкеев «Голос свободы» уюмуна берген маегинде кайсыл дарыгерлерге шилтеме жасап айтканы белгисиз.

Жайлобаев тергөөчү Келдибаева менен болгон жеке пикир келишпестигинен улам кылмыш иши козголбой калды, деп эсептейт.

«Мен анын бул ишти жини келип жасап жатканын билем. Менин туугандарым ага катуу кыйкырып салышкан – мындан улам ал мага каарданып жатат», – деди ал «Клоопко».

Жайлобаев Ысык-Көл облустук прокуратурасына да арыз жазган, бирок аны да Келдибаеванын кароосуна берип коюшкан.

«Сабоо»

Жайлобаев аны 9-июлдан 10-июлга карган түнү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын төрт кызматкери «сабап» кетишкендигин айтты.

Айтымында, ал кечинде автобекет жакта кетип баратып, бир кыздын жардамга чакырган үнүн угуп калган — ал барып милиция кызматкерлеринин бир баланы «сабап» жаткандыктарын көрүп ага жардам берген. Бул үчүн милиция кызматкерлери аны да «сабашкан».

Жайлобаев милиция кызматкерлери буттары менен тээп, муштумдары менен соккулап, темир күркөнүн дубалына башы менен сүздүрүшкөндүгүн айтып, андан кийин эс-учун жоготуп койгондугун билдирди.

«Мен операцияда жатканда эсиме келдим. Мен көзүмдү ачсам башымды тигип жатышыптыр», – дейт Жайлобаев.

Операциядан кийин милиция бөлүмүнө алып барышып «сабап», 400 сомумду жана чөнтөк телефонумду тартып алышты, дейт ал.

Жайлобаев «бейбаштыкка» күнөөлөнүп, бир күнгө камалган.

Жайлобаев 10 күн жаткан Ысык-Көл облустук ооруканасынын дарыгерлери анын мээси чайкалып, омуртка тарабы жана арка сөөгү жабыр тарткандыгын аныкташкан.

Ысык-Көл ИИБсинин башчысы Мырзабек Исмаилов мекеме жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн «карап, түшүнүп алышы керек» деп, түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков