«Түндүк электр» кышка даярданып жатат, бирок электр жарыгы өчүрүлүүсү мүмкүн

«Түндүк электр» ишканасы Бишкектеги электр кабелдерин оңдоп, трансформатордук подстанцияларды жаңылап кышкы мезгилге даярданып жаткандыгын кабарлады. Бирок компания «эскирип калган жабдуулардан» улам кышында электр жарыгы өчүрүлүүсү мүмкүн дейт .

«Түндүк электр» ААКсынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Мураталиева компания күзгү-кышкы сезонго «активдүү» даярданып жаткандыгын билдирди.

Учурда кыштын башталышына чейин улана турган оңдоо иштери жүрүп жатат.

«Түндүк электр» борбордогу 60 участоктун кабелдерин алмаштырат. Жаңыланган учаткалардын жалпы узундугу 76 чакырымды түзөт.

Мындан сырткары «Түндүк электр» трансформатордук подстанцияларды оңдоп, жаңыларын орнотот.

«Акыркы жылдары электр жүктөлүштөрү көп болгон трансформаторлорду кубаттуурактарына алмаштырабыз», — дейт басма сөз катчы.

Бирок компания «эскирип калган жабдуулардан» улам кышында электр жарыгы өчүрүлүүсү мүмкүн дейт.

Мураталиеванын айтымында, Бишкектеги кээ бир аба электр чубалгыларынын учаскалары 1946-жылдан бери колдонулуп келе жатат.

Негизги жабдуу 40 жыл мурун орнотулган.

«Ошол эле кабелдик линиялардын кызмат кылуу мөөнөтү — 25 жыл, бирок буга карабастан ал жабдуу азыр деле колдонулуп жатат», — деп кошумчалады басма сөз катчы.

«Түндүк электр» — Кыргызстандын түндүгүндөгү Чүй, Талас облустарын жана Бишкек шаарын электр энергиясы менен камсыз кылып турган компания.

Компаниянын 2011-жылдын март айындагы маалыматы боюнча, ал 450 миң абонентти электр энергиясы менен камсыз кылат.

Өкмөттүн божомолу

Энергетика министрлиги Кыргызстан күзгү-кышкы мезгилге «начар» даярдангандыгын моюнуна алат — бул тууралуу 31-июлда министр Аскарбек Шадиев билдирди.

«Суу аз, көмүр, акча жок, оңдоо иштери создуктурулуп жатат. Биз күзгүгө эмне менен барабыз? Ким жооп берет? Биз бардык параметрлер боюнча артта калып жатабыз», — деп анын мекеме жыйынында билдиргенин «Вечерний Бишкек» гезити жазган.

Жыйындын жүрүшүндө энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов гидроагреттардын турбиналарынын 80 пайыздан ашыгы жана «Электр станциялары» компаниясынын трансформаторлорунун жарымы өздөрүнүн эксплуатациялык мөөнөттөрүнөн ашкандыгын айтты.

«Электр станциялар» ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Зарема Жунусова компанияда эски жабдуулар бар экендигин ырастап, бирок алар кышкы мезгилдеги электр жарыгын өчүрүүгө себеп болбойт деди.

«Бишкек жылуулук электр борборунун агрегаттарын оңдоо иштери жүргүзүүдө, ошондой эле көмүр жеткирилип жатат», — дейт Жунусова.

Көмүр Кыргызстан менен Казакстандын кендеринен алынып келинет, деп кошумчалалды «Электр станциялар» ишканасынын басма сөз катчысы. Компаниянын сайтындагы маалымат боюнча, Бишкекти жылуулук менен камсыз кылган компания электр энергиянын 98 пайызын иштеп чыгат.

Казакстанга болгон көз карандылык

Бирок энергетика тармагы боюнча серепчи Расул Умбеталиев Кыргызстандын ички көйгөйлөрүнөн да тышкы көйгөйлөрү – Казакстандын Борбордук Азиянын Бириккен энергетикалык системасынан (БЭС) чыгуусу - коркунуч жаратат, деп эсептейт.

Борбордук Азиянын Бириккен энергетикалык системасы – өз ара электр энергиясын үзгүлтүксүз бөлүштүрүп турууга байланышкан электр станциялары менен жылуулук берүү станцияларынын комплекси.

Серепчинин пикиринде, эгер Казакстан БЭСден чыкса, Кыргызстан кышкы мезгилге канчалык жакшы даярданса да өчүрүүлөрдөн качып кутула албайт.

«Калк менен өнөр жай ишканаларынын 50 пайызы электр энергиясы менен камсыз болбойт. Мындан улам чектөөлөрдү киргизүү эч нерсе деле болбой калат», — деп кошумчалады Умбеталиев.

Энергетика министрлигинен серепчиси Марат Чолпонкуловдун айтымында, Казакстан Бириккен энергетикалык системасынан чыкса Кыргызстандын түндүгү жабыр тартат. Бул өлкөнүн түндүгүнө электр энергиясын берүү Казакстандын электр тармактары аркылуу жүргүзүлүшү менен түшүндүрүлөт.

Казахстан Бириккен энергетикалык системадан чыгуусун Өзбекстандын Казакстандын бириккен энергетикалык системасынан макулдашылбаган негизде электр энергиясын алып жаткандыгы менен түшүндрөгөн.

Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка 2008-жылдын жазында эле дуушар болгон.

Анда сууну үнөмдөө боюнча программанын алкагында, массалык түрдө электр жарыгын өчүрүү өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлгөн.

Расмий версия боюнча, бул өлкөнүн 40 пайыз электр энергиясын иштеп чыккан Токтогул ГЭСиндеги суунун жетишсиздиги болгон.

Автор: Карина Жолдошева

Которгон: Илгиз Чалбараков