«Жөө кишини кагып кеткен» милициянын чиновниги кызматынан четтетилди

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Арстанбек Ормушевди адам өмүрүн алган унаа кырсыгына катышкандыгы үчүн кызматынан кетирди.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 3-августта Бишкектин Биринчи май РИИБсинин башысынын орун басарынын катышуусундагы адам өмүрүн алып кеткен унаа кырсыгынын чоо-жайын тактоо тапшырмасын берген соң Рысалиев Ормушевди кызматынан кетирди.

«Албетте Ормушевдин күнөөсүн сот аныктайт, ошентсе да адам өмүрүн алып кеткен жол кырсыгына катышкан соң анын бул кызматты ээлөөгө моралдык укугу жок», — деп кайталайт Бабановдун сөзүн басма сөз кызматы.

РИИБинин башчысынын орун басары жөө жүргүнчүнү үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында унаасы менен уруп кеткен — бул тууралуу журналисттерге Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев билдирди.

«К-Ньюс» маалымат агенттиги башында эле Ормушев мас абалында болгон деп билдирген.

Ага карата Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 281-беренесинде каралган «Жол коопсуздугунун эрежесин бузуу» боюнча кылмыш ишин козгошкон.

Бирок 3-августта  Биринчи май РИИБсинин башчысынын орун басарынын күнөөсү жок деп табышты, деп билдирди журналисттерге жабыр тарткан тараптын жактоочусу Мунарбек Супатаев.

«Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, ал ак болуп чыкты. Анын үй-бүлөсүн жалгыз багып жаткан үч баланын атасынын өлүмүнө болгон күнөөсүн далилдей алышкан жок. Аны же кылмыш жоопкерчилигине же жумушунан дисциплинардык жоопкерчиликке тарткан жок», — деп жазат анын сөзүн кайталап «К-Ньюс» маалымат агенттиги.

Жабыр тарткан тараптын пикири боюнча, Ормушев тергүүнөн жүрүшүнө таасир эткен.

«Клооп» кызматынан кеткен РИИБинин башчысынын орун басары менен байланыша алган жок.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков