«Прецедент» өнөктөштүк тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов маалымат үчүн соттошуусун улантып жатат — бул жолу ал башкы прокуратура мыйзам боюнча белгиленген мөөнөт аралыгында жиберилген суроого жооп бербегендиги үчүн башкы прокурор Аида Салянованы сотко берди. Азырынча, өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органында бул маалыматты тактап жатышат.
Токтакунов башкы прокурорду «Кыргызтелекомдогу» «алдамчылыктарды» текшерүүнүн жыйынтыктарын жашыргандыгы үчүн күнөөлөп жатат — анын маалыматы боюнча, компания жабдууларды «жогорулатылган баада» сатып алган.
Укук коргоочунун пикири боюнча, Салянова «Маалымат алуу мүмкүндүгү жөнүндөгү» мыйзамды бузган, ага ылайык, башкы прокурор жиберилген суроого эки жуманын аралыгында жооп берген эмес.
«Биз башкы прокурор бул алдамчылык фактыларын жаап жатат деп болжолдоп жатабыз», – деп жазган Токтакунов өзүнүн «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасында.
Токтакунов Бишкек райондор аралык сотуна доо арыз берди — ал башкы прокуратурадан суралган маалыматтарды берүүнү талап кылууда
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан бул маселе боюнча маалыматтар такталып жаткандыгын билдиришти.
«Кыргызтелеком» тарабынан мамлекетке материалдык зыян келтирилген деген факты боюнча 2007-жылы сегиз кылмыш иши козголгон, алардын бири боюнча да күнөөлүүлөр табылган эмес.
«Прецеденттин» маалыматы боюнча, «Кыргызтелеком» өлкөгө 311 миллион сом зыян келтирген.
Автор: Александра Ли
Редактор: Зарема Султанбекова
Которгон: Илгиз Чалбараков