Башкы прокуратура укук коргоочунун жиберген суроосуна жооп берүүдө мыйзам бузбагандыгын билдирди

 

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов башкы прокуратура мыйзам боюнча белгиленген 2 жума аралыгында «Кыргызтелекомдогу» мүмкүн болгон каржылык мыйзам бузуулар боюнча жиберилген суроосуна жооп бербегендиги үчүн башкы прокурор Аида Салянованы сотко берген. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы мыйзам тарабынан жиберилген суроого жооп берүү мөөнөтү бир ай деп эсептешет.

Өлкөнүн негизги көзөмөлдөөчү органынын басма сөз кызматы укук коргоочуга жооп берүүгө эки жумадан көп убакыт керектелгенин билдирди. Анткени «Кыргызтелекомдогу» мүмкүн болгон мыйзам бузуулар тууралуу маселе — «өтө көлөмдүү».

Басма сөз кызматынын кызматкеринин айтымында, Токтакуновдун жиберген суроосуна жооп берүү үчүн мекемеге ар бири бир нече томдон турган 6-8 ишти изилдеп чыгууга туура келген.

Ал 17-июлда жиберилген суроого жооп берүүнүн мөөнөтү бир ай экендигин айтты.

«Прецедент» өнөктөштүк тобун жетектеген Токтакунов  Салянова «Маалымат алуу мүмкүндүгү жөнүндөгү» мыйзамды бузган, ал эки жуманын аралыгында жооп берүүсү керек болчу, деп айтканын кайталады.

Юрист Бишкек райондор аралык сотуна 3-августта жөнөткөн доо арызын кайра чакырып албайт.

311 миллиондук чыгым

Токтакунов Салянова «Кыргызтелекомдогу» «алдамчылыктарды» текшерүүнүн жыйынтыктарын жашырып жатат дейт — анын маалыматы боюнча, мамлекетке тиешелүү болгон компания жабдууларды «жогорулатылган баада» сатып алып, өлкө казынасына 311 миллион сом зыян келтирген.

«Маалымат алуу мүмкүндүгү жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, мамлекеттик орган жарандар жиберген суроолорго эки жуманын аралыгында жооп берүүсү керек.

«Жазуу түрүндө жиберилген суроого жооп даярдоо эки жумалык мөөнөттө ишке ашат», — деп жазылган мыйзамдын 10-беренесинде.

Ушул эле жерде прокуратура алгачкы белгиленген мөөнөттө жооп даярдай албай калса, аны дагы эки жумага узартууга мүмкүндүк берген жобо бар.

«Суроо жиберген тарапка мөөнөттүн жылдырылуусу жана анын себептери тууралуу кабарланат», — деп жазылат мыйзамда.

Токтакунов мөөнөттүн жылдырылгандыгы тууралуу башкы прокуратура эскертпегендигин айтып жатат.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков