Өкмөт электр энергиясына болгон бааларды 2013-жылы жогорулатпоону убадалады

Калк үчүн баалардын көтөрүлүүсү болбойт, деп билдирди премьер-министр Өмүрбек Бабанов Коомдук биринчи каналдагы «20 мүнөт премьер-министр менен» телеберүүсүнүн эфиринде. Буга чейин Энергетика министрлиги электр энергиясына болгон бааларды көтөрүүнү 2013-жылдын апрель айына пландап жаткан.

Өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Султан Каназаров билдиргендей, калк үчүн электр энергиясына болгон баалар 2012-жылы да, 2013-жылы да көтөрүлбөйт.

Коомдук биринчи каналдын эфиринде премьер-министр Өмүрбек Бабанов баалардын көтөрүлүүсү «амал таап алгандарга» гана тийиштүү болоорун билдирип, аларга сауналарды мисал катары келтирди.

Султан Каназаров «Клоопко» түшүндүргөндөй, премьер-министр жеке үйлөрдө тигүүчү цехтерди же сауналарды ачып, көп электр жарыгын короткон, ошол эле маалда кадимки кардарлардай эле акча төлөп жаткан колдонуучулар үчүн баалар көтөрүлө тургандыгын айткан.

2013-жылдын апрелине карата электр энергиясына болгон баалардын көтөрүлүшү мүмкүндүгү тууралуу маалымат июлдун аягында пайда болгон.

Анда Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр берүү кабелдери менен трансформаторлорду жаңылоого өлкө боюнча бааларды көтөрүү зарыл экендигин билдирген.

Бааларды көтөрүүнү сунуштаган Энергетика министрлигин алдындагы отун-энергетикалык комплекси департаментинин жетекчисинин орун басары Миргүл Айдарова, бардык чечимдерди өкмөт гана чече тургандыгын «Клоопко» билдирди.

Энергетика министрлиги жалаң гана тарифтердин эсебин берет, дейт ал.

«Биз өзүбүздүн бардык эсептерибизди беребиз. Эгерде өкмөт бааларды көтөрбөө чечимин чыгарса, демек биз жогорулатпайбыз», — деп кошумчалады Айдарова.

Буга чейин энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев Кыргызстандагы электр энергиясына болгон баалар КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөн экендигин белгилеген.

«Кыргызстанда электр энергиясына болгон баалар эң эле төмөн. Бул энергокомпаниялардын өнүгүүсүнө жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бербей жатат», — деп даттанган анда Шадиев.

Жаңы бааларды беките турган парламенттин депутаттары электр энергиясына болгон бааларды көтөрүү зарылдыгын белгилешип, бирок этап-этап менен жогорулатуу керектигин айтышкан.

Автор: Карина Жолдошева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков