Парламент: 10-августта өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси боюнча жыйын болбойт

Парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү үчүн депутаттар тиешелүү добуштарды чогулта алышкан жок, дейт төраганын басма сөз катчысы Надырбек Момунов. Алгач өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин 10-августта кароо пландалып жаткан.

Төрага Асылбек Жээнбеков жобого ылайык үч күн эрте парламенттин кезексиз жыйыны тууралуу депутаттарга кабар берген жок — бул 10-августка пландалган жыйын болбойт дегенди билдирет.

«Клооптун» журналисттерине бул маалыматты парламенттин төрагасынын басма сөз катчысы Надырбек Момунов ырастады.

«Кезексиз жыйын болбойт го, азырынча колдор чогултулган тизме жок», — деди ал.

Жогорку Кеңештин регламенти боюнча, төрага гана кезексиз сессияны чакыра алат. Аны өткөрүү үчүн парламентарийлердин үчтөн биринин, тактап айтканда, 40 депутаттын макулдугу керек.

Төрага сессиянын өтөөрүнө үч күн калганда депутаттарды чакырышы керек.

Бул маселе боюнча жыйын сентябрда болушу мүмкүн, деп болжолдоду Жээнбековдун басма сөз катчысы.

«Клооптун» журналисттерине төраганын кабылдамасынан ал эмки аптага чейин иш сапары менен болоорун жана 10-августка чейин Бишкекке келүүгө жетишпей кала тургандыгын билдиришти.

Момуновдун айтымында, июль айында парламенттин 2011-2012-жылдардагы ишинин жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйыны болгон, ошондо эле Жээнбеков министрлер кабинетине ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө каршы экендигин билдирген.

Момуновдун сөзүн КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кыдыралиева ырастады. Ал азыр депутаттардын бардыгы тең иш сапарда экендигин жана шайлоочулар менен жолугуп жүргөндүктөрүн айтты.

«Ата Мекен» фракциясынан депутат  Акуналы Досалиев алгач кезексиз жыйын 17-июлга пландалганын, бирок ар дайым эле жылдырылып келе жаткандыгын билдирди. Анын пикиринде, өкмөттү таркатуу тууралуу маселени сентябрда карашат.

Ишенбөөчүлүк көрсөтүү

Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнүн ишине ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев көтөрүп чыккан.

Июлдун аягында анын партиялашы, депутат Жоомарт Сапарбаев «Клоопко» маек берген, анда ал өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө – август айынын аягына белгиленген кендерди сатуу боюнча аукциондордогу “жашыруун схемалардын” болушу мүмкүндүгү себеп болгондугун айткан.

Сапарбаев бирок кайсыл «жашыруун схемалар» тууралуу сөз болуп жаткандыгын тактап айткан эмес.

Буга чейин өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров «Ата Мекендин» демилгесин «деструктивдүү мүнөздү» алып жүргөн жана  «логикасыз» демилге деп атаган.

Автор: Анара Адылбек кызы

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт Жогорку Кеңештин сайтынан алынды