Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жаңы сайтын июлдун аягында ишке киргизүүгө «техникалык мүчүлүштүктөр» тоскоолдук кылды, дейт президенттин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Нурзат Токтогулова. Анын айтымында, президенттик порталдын жаңы дизайнынын бет ачары август айынын ортосуна жылдырылды.
Токтогулова билдиргендей, сайтты жаңылоо учурунда президенттин порталынын хостингинде «техникалык мүчүлүштүктөр» болгон.
Ал президенттин аппаратынын кызматкерлери пайда болгон көйгөйлөрдү чечип жаткандыктарын билдирди, бирок эмне болгон «мүчүлүштүктөр» экендигин тактап айткан жок.
Буга чейин президенттин сайттын июлдун аягына чейин жаңылап бүтүү пландалган, бирок пайда болгон «көйгөйлөрдөн» улам аны ишке киргизүүнү август айынын ортосуна жылдырышты.
Июлда Токтогулова Роза Отунбаева президент болуп турганда иштелип чыккан сайттын эски версиясына караганда жаңысы «ыңгайлуураак» болот, деген.
Сайтка жаңы функциялар киргизилет, анын ичинде президент менен түз байланыш кызматы да бар.
Токтогулова Атамбаевдин порталына дагы кандай жаңы кызматтар киргизилээрин жана түз байланыш кантип ишке ашаарын тактап айткан жок.
Басма сөз катчынын орун басары “Клоопко” билдиргендей, сайт президенттин аппаратынын кызматкерлери тарабынан иштелип чыгып жаткандыктан ага бюджеттен кошумча чыгым кеткен эмес.
Сайттын буг чейинки версиясында издөө кызматы жок болгон, ошондой эле «Блог», «Программалар жана долбоорлор» бөлүмдөрү Атамбаев иштеп баштаган 2011-жылдын аягынан баштап бир дагы жолу жаңыланган эмес.
Президенттик сайттардын тарыхы
president.kg дарегиндеги кыргызстандын президентинин порталы биринчи президент Аскар Акаевдин учурунда ишке киргизилген – домен 2001-жылдын январында катталган.
Бүгүнкү күнгө карата «Веб-архив» долбоорунда сакталып калган веб-сайттын эң эски версиясы 2001-жылдын 18-февраль деген убактыны көрсөтүп турат – анда веб-сайт көгүлтүр жана ак түстө болуп, Акаевдин «Туруктуу өнүгүү жана жакшы жакка өзгөрүүлөр үчүн» деген лозунгу менен ачылып турган.
2002-жылы сайт олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп, күрөң түскө боелгон.
2004-жылы дагы өзгөртүүлөр болуп, президенттин жаңылыктарынын үзгүлтүксүз жаңыланып туруу кызматы пайда болгон, ошондой эле кайра көгүлтүр ак түскө кайтып келген.
2005-жылдагы революциядан кийин сайтта бир жолу – 2008-жылы олуттуу өзгөртүүлөр болуп, жаңыланган.
2010-жылдыга апрель революциясынан кийин президенттик сат жылдын аягына чейин жабылган. 2010-жылдын декабрында Роза Отунбаева президент болуп турганда сайт кайра ачылган.
Сайтты иштеп чыккан «Юник Технолоджис» компаниясынын маалыматы боюнча, портал 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин бекер жасалган.
Автор: Айшоола Айсаева
Редактор: Улугбек Акишев
Которгон: Илгиз Чалбараков