Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жактоочулар менен камактагылардын жолугушуу процедурасын жөнөкөйлөткөн мыйзамга кол койду — жактоочулар эми буга чейин талап кылынгандай судьянын же тергөөчүнүн уруксаты жок эле камактагы жактоого алган адамдары менен жолуга алышат.
Атамбаев 2011-жылдын октябрынан бери иштеп келе жаткан мыйзамды жокко чыгарды. Ага ылайык, жактоочу камактагы жактоого алынган адам менен жолугушуу үчүн процесстин катышуусу экендигин аныктаган тергөөчүнүн же судьянын жазуу түрүндөгү аныктамасын алышы керек болчу.
Президенттин расмий сайтында жазылгандай, мындай мыйзам сот процессинде коргоочу тарап менен күнөөлөп жаткан тарапты «теңдөө» үчүн кабыл алынган.
Буга чейинки норма бир нече жолу сынга кабылган, биринчи кезекте жактоочулар тарабынан.
Кылмыш иштери менен алектенип жүргөн жактоочу Леонид Лужанский жаңы мыйзамдын жакшы жактары да, жаман жактары да бар дейт.
«Камактагыга каалаган жактоочу кирет: байкеси дагы, кудасы дагы. Азыр жактоочулардын саны бир жарым миң. Мисалы, мен жактап жаткан адамга башка бир жактоочунун киришин каалабайт элем», – деди Лужанский.
Ал жактоочу камактагы адам менен жолугушуусу үчүн анын туугандары менен келишим түзүшү керек, деп эсептейт.
«Голос Свободы» укук коргоо уюмунун юристи Асель Койлубаеванын айтымында, буга чейин жактоочуларга аныктама керек болгондо тергөөчүлөр алардан качып, түрдүү шылтоолор менен документ бербей коюшчу.
«Ал кошумчалоо жактоочулардын укуктарын кемсинтчү», – деп эсептейт Койлубаева.
Автор: Александра Ли
Редактор: Зарема Султанбекова
Которгон: Илгиз Чалбараков