Присяжный заседателдер (аймактык сот жыйындарына катышып, жалпы жонунан айыпталуучунун күнөөлүү же күнөөсүз экендигин аныктай турчу кишилер) Кыргызстанда 2015-жылдан баштап пайда болот, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. Жаңы соттук институтту киргизүүнүн кечеңдетилишине каражаттын жетишсиздиги себеп болгон.
Присяжный заседателдердин институту 2012-жылдын 1-январынан баштап киргизилиши керек болчу, бирок республикалык бюджетте каражаттын жоктугунан улам системаны киргизүү 2015-жылга жылдырылган, деп жазылган президент Алмазбек Атамбаевдин сайтында.
«Практика жүзүндө азыр жергиликтүү соттордун биринин да мекемелери присяжный заседателдердин катышуусундагы сот жыйындарын өткөрүүгө ылайыкташкан эмес», — деп билдирет Атамбаевдин басма сөз кызматы.
Өлкө башчысынын сайтындагы маалыматка ылайык, присяжный заседателдердин иинституту алгач биринчи соттук инстанцияга – жергиликтүү сотторго киргизилет:
- 2012-жылдын 1-январынан баштап – Бишкек шаары жана Ош облусу үчүн
- 2013-жылдын 1-январынан баштап – Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустары үчүн
- 2014-жылдын 1-январынан баштап – Баткен, Нарын, Талас облустары жана Аскердик сот үчүн.
Киргизиш керекпи?
«Прецедент» өнөктөштүк тобунун жетекчиси, юрист Нурбек Токтакунов присяжный заседателдер керек, деп эсептейт.
«Судья темир тор артындагы адамды караганда туура эмес ой пайда болуп, күнөөлөнүп жаткан адам ага кылмышкер катары көрүнөт, ошондуктан кандай гана болбосун сотторго присяжныйларды киргизүү керек», — дейт Токтакунов.
Бирок, юрист присяжныйларды киргизүүгө шашылбаш керек деп эсептейт.
«Бизде күнөөлөп жаткан тараптын ролу начар, укук коргоо органдары алсыз. Буларды эске алсак, анда милиция начар иштегендиктен улам присяжный соттор актап чыгышы мүмкүн, бул болсо коомдо жаман резонанс жаратат», — дейт юрист.
Журналист Владимир Фарафоновду жактаган жактоочу Леонид Лужанский соттордо присяжныйлардын болуусу керектиги менен макул.
«Мен присяжный заседателдерди киргизсе экен дейм. Бирок алар канчалык деңгээлде объективдүү болот аны убакыт көрсөтөт», — дейт Лужанский.
Мурунку мэр Нариман Түлеевдин жактооусу Султан Баратов присяжный заседателдерди киргизүүнү «кыйын маселе» деп эсептейт.
«Азыркы учурда буга биздин коом даяр эмес, бирок мен мунун зарылчылыгы бар деп ойлойм», — деди Баратов.
Присяжный заседателдер
Присяжный заседетелдердин соту — кылмыш ишине катышууга өлкөнүн жарандарынын арасынан 25 жаштан 65 жашка чейинки көз карандысыз судьяларды тарта турган сот системасы.
Алар кокустуктан тандалып алынган Кыргызстандын жарандары болот — соттун жыйынына катышып, андан кийин жамааттык чечим менен күнөөлөнүп жаткан адамга өкүм чыгаруулары керек.
Мыйзамга ылайык, соттолгон, сот тарабынан ишке жараксыз деп табылган, наркологиялык ооруканада каттоодо турган, мамлекеттик кызматкерлер, жактоочулар жана сот өтүп жаткан тилди билбеген адамдар присяжный боло алышпайт.
Тандалып алынган судьяларды ишмердүүлүгү учурунда кылмыш жоопкерчилигине тартууга, камоого, кармоого, текшерүүгө болбойт, эгер кылмыштын үчтүнөн кармалбаса, деп жазылган мыйзамдын текстинде.
Присяжный заседателдери киргизүү жөнүндөгү мыйзамга биринчи жолу 2009-жылы кол коюлган.
Автор: Александра Ли
Которгон: Илгиз Чалбараков