Ооган кыргыздарына гуманитардык жардам жиберүүгө Хорогдогу кагылыш тоскоол болду

Июлдун аягында Хорогдо болгон согуштан улам Кыргызстан Ооганстандын Памир тоосунда жашаган этникалык кыргыздарга азык-түлүк жеткире албай калды — кагылышуу болуп жаткан күндөрү Тажикстандын бийлиги чек араны жаап салган.

Кыргызстандын бийлиги ооган кыргыздарына 3-августта гуманитардык жардам катары — ун, туз, самын, тамеки жана жылуу кийим жибергени жаткан, дейт «Кыргыз бутагы» фондунун директору Гүлзат Болотова. Фонд кыргыз бийлиги менен биргеликте Ооганстанга азык-түлүк жеткирүү менен алектенет.

Кыргызстан тараптан жергиликтүү тургундарга жардам берүү жана окутуу үчүн дарыгерлер менен башталгыч класстардын мугалимдери барышы керек болчу — алардын Ооганстанда жарым жылдай жашашы пландалып жаткан.

Бирок Кыргызстандын бийлиги пландалган мөөнөттө гуманитардык жардамды жеткире албай калды — 3-августта памир кыргыздары жашаган Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы жабык болгон.

Азык-түлүктү жөнөтүүнү 15-августка жылдырышты, бирок анда да чек ара ачылбаса Кыргызстандын бийлиги жардамды 15-сентябрда жөнөтөт.

«Жардамга муктаж»

«МК Азия» гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов Хорогдогу кагылышка чейин ооган кыргыздарынын жашоосу менен таанышып келген — журналист Тажикстан менен Ооганстан чек арасынан үч күн өтө албай турган, бирок кийинчерээк кыргыз бийлигинин жардамы менен өткөн.

Бабакулов Кичи жана Чоң Памирдин тоолуу капчыгайларында жашаган кыргыздар гуманитарлык жардамга муктаж экендигин айтты — анын айтымында, община байланыштан ажыраган, апийим колдонот жана үй-бүлөө курууда кан аралаштырууну практикалайт.

Этникалык кыргыздар азыркы Тажикстан менен Ооганстандын аймагында жайгашкан Памир тоолоруна 17-18-кылымдарда отурукташып калган.

Памирлик кыргыздар көчмөн мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Хорогдогу кагылышуулар

Таджикистан Ооганстан менен болгон чек арасын июлдун аягында, Хорогдогу кагылышуу учурунда жапкан.

Тажик бийлигинин версиясы боюнча, «тамекиден жасалган заттарды аткезчилик менен ташыган топ» атайын кызматтын генерал-майору Абдулло Назаровдун өлүмүнө тиешеси бар болгон — тажик бийлиги «аткезчилер» жашырынып жатат деп эсептеген Хорогко өкмөттүк аскерлер эки жолу чабуул жасаган.

Би-Би-Си күбөлөргө шилтеме жасап, кагылышуу болуп жаткан учурда шаардан жергиликтүү жашоочулар качып жаткандыгын билдирген.

«Адамдар коопсузураак жерлерге качып, балдарын башка облус-райондорго жиберип жатышат. Кээ бир маалыматтар боюнча, өлкө ичинде бир жерден экинчи жерге көчкөндөр жүздөп саналат», — деп жазган Би-Би-Си.

Расмий түрдө 42 адам өлдү деген билдирүүлөр бар, ал эми расмий эмес булактар 100дөн ашык адам каза болгондугун айтып жатышат.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт: ktrk.kg