Талас: «педофил» 20 жылга эркинен ажыратылды

Манас райондук соту 5 жаштагы кызды зордуктаган адамды 20 жылга эркинен ажыратты. Соттолгон адамдын жактоочусу облустук сотко апелляциялык дат менен кайрыла тургандыгын билдирди.

Талас облусунун Манас районундагы Көк-Дөбө айылынын 5 жаштагы кызды зордуктаган деп күнөөлөнүп жаткан Фархат Бабиршаев аттуу жашоочусу 20 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди 7-августта Манас райондук соту жыйынтыктоочу жыйынында кабыл алды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 25 жаштагы Бабиршаев 2012-жылдын апрелинде 5 жаштагы кызды зордуктаган.

Анын жактоочусу Алтынай Жолдошева Талас облустук сотуна апелляциялык арызы менен кайрыла тургандыгын билдирди.

Анын пикиринде, соттун өкүмү «катуу жаза» болуп калды. Ал бардык далилдөөлөр жана Бабиршаевдин күнөөлүү экендигине макул болду.

«Кыздын өзүнүн көрсөтмөсү да, экспертиза да кыздын кийиминдеги кан мен коргоп жаткан адамга таандык экендигин далилдеди», — деди жактоочу.

Жабыр тарткан кыздын эжеси Урумкан Байтемирова тескерисинче, Бабиршаевге берилген мөөнөт «аз болуп калды» деп эсептейт.

«Ал өмүр бою майып болуп калды [...] жакында ага үчүнчү операциясын кылыш керек. Ал өтө эле арыктап кетти», — дейт кыздын эжеси.

Анын айтымында, алгачкы эки операция ийгиликтүү болгон, ал эми үчүнчүсүнө үй-бүлөнүн акчасы жетпей жатат.

«Биз Бабиршаевден компенсация алууга аракет кылдык, бирок ал өзү, туугандары баш болуп компенсацияга акча берүүдөн баш тартышты», — дейт Байтемирова.

Бул ишти караган судья 17-августка чейин түшүндүрмө берүүдөн баш тартты  — анын айтымында, ошондо гана чечим расмий түрдө күчүнө кирет.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 25 жаштагы Бабиршаев 2012-жылдын апрелинде 5 жаштагы кызды зордуктаган.

Учурда ал Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында камакта. Азырынча ал өзүнүн  жаза мөөнөтүн кайсыл түзөтүү мекемесинде өтөөрү белгисиз.

Автор: Каныкей Марс кызы

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн авторуCxOxS