Унаа салыгын төлөө мөөнөтү 20-августка чейин узартылды

Мамлекеттик салык кызматы унаа салыгын төлөө мөөнөтүн 1-августтан 20-августка чейин узартты — мекеменин маалыматы боюнча, унаа сүйүүчүлөрдүн тогуз пайызы транспорту үчүн салык төлөөгө жетишпей калган же белгиленген мөөнөт тууралуу билишкен эмес.

Өлкө боюнча транспорт үчүн салыкты айдоочулардын 91,2 пайызы төлөгөн — бюджетке 415 миллионов сом түштү, деп билдиришти Мамлекеттик салык кызматынан.

«Эреже катары жыл сайын транспорт үчүн салык төлөөдө айдоочулар салыкты мөөнөттүн акыркы күндөрү төлөөгө аракет кылышат», — деди Салык кызматынын Салыктар менен төлөмдөрдү байкоо жана көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Камалдин Халилов.

Айдоочулардын калган 8,8 пайызы мамлекеттин казынасына дагы 40 миллион сом алып келет деп пландалып жатат.

20-августка чейин унаа салыгын төлөөгө жетишпей калган унаа ээлери эки миңден беш миңге чейинки айып төлөөлөрү керек болот.

Унаа ээси Чыңгыз Молдокулов «үй-бүлөлүк шартка» байланыштуу салык төлөбөй калгандыгын айтты.

«Акыркы өзгөрүүлөр тууралуу мен ар дайым кабар алып турчумун. Албетте, 20-августка чейин узарткандыктары жакшы, элге ар дайым мүмкүнчүлүк бериш керек», — дейт Молдокулов.

Унаа сүйүүчү Кайрат Асанов тескерисинче, салыктын төлөө мөөнөтүн узартпаш керек болчу, деп эсептейт.

«Узартпай деле койсо болмок, мен төлөп койгом. Эрте кыймылдаш [төлөш] керек болчу», — деди Асанов.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков