Айылдык догдур «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деп күнөөлөнүп жатат

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту «террористтик» «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деп күнөөлөнүп жаткан айылдык догдурдун ишин кароону баштады  — анын айылдаштарынын бири догдур уюмдун баракчалары менен дисктерин таркатып жатат деп милиция кызматкерлерине даттанган. Догдур бул күнөлөөлөрдү «караандай калп» деп жатат.

«Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деп күнөөлөнүп жаткан Муродбек Токтосиновдун иши боюнча Базар–Коргон райондук сотунун 8-августтагы жыйыны болбой калды. Биринчи жыйындын болбой калуусуна күбөлөрдүн келбей калышы себеп болду. Токтосинов Арсланбоб айылынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси.

Соттун катчылыгынан күбөлөр жыйынга белгисиз себептерден улам келбей калгандыктарын жана бул иш 13-августта карала тургандыгын билдиришти.

Токтосиновдун айылдашы Салахидин Салиев жергиликтүү милицияга арыз жазган — анда айылдык догдур ага «Хизб ут-Тахрир» уюмунун эки дискин жана баракчасын бергени жазылган. Мындай кийин Токтосиновго күнөө коюлган.

Салиевдин көрсөтмөсүнө ылайык, Токтосинов аны коркутуп «экстремисттик» материадарды берген — айтымында ал догдурду 2010-жылдын июнундагы улут аралык кагылыштын учурунда колунда курал менен жүргөндүгүн көргөн жана анын бергенин албай коюуудан корккон.

Айылдык догдур ага коюлган күнөөлөрдү «караандай калп» деп, четке какты.

Токтасинов Салиевдин ага «ичип күйүп» жатат деп эсептейт.

«Арслонбобдо эл мени өзбек коомчулугунун формалдуу эмес лидери деп эсептейт. Мен [АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигине] ЮСАИДке долбоор жазгам, андан жеңип алып бейтапкана курганбыз. Мен ийгиликтүү адамын. Кимдир бирөө ичи күйүп, бай адамды жазалагысы келип жатса керек», — деди ал окуя боюнча өзүнүн версиясын айтып жатып.

Базар-Коргон районунун прокурорунун орун басары Жапарбек Канаев бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмү түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

«Хизб ут-Тахрир» же Ислам куткаруу партиясынын максаты — мусулмандарды исламдын жашоо образына алып келүү жана исламды ыйык согуш деп аталган джихад аркылуу жайылтуу.

Кыргызстанда бул уюмдун иш алып баруусуна тыюу салынган, анткени ал «диний-экстремисттик» деп саналат.

Автор: Евгений Погребняк

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков