Коомдук транспорттун айдоочулары патент үчүн төлөмдөрдү терминалдар аркылуу жүргүзө алышат

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы патенттик төлөмдөрдү жана аны узартууну терминалдар аркылуу жүргүзүү үчүн РСК жана «Залкар» банктары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыктарын билдирди. Бул кызмат 2012-жылдын күз айларынын аягында такси жана коомдук транспорттордун айдоочулары үчүн жеткиликтүү болот.

Салык кызматы РСК жана «Залкар» банктары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат — патент төлөмдөрүн жана аны узартуу үчүн аталган банктардын терминалдардын колдонууну пландалып жатат, дейт Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков.

Жаңыдан киргизиле турган бул система 2012-жылдын күз айларынын аягында таксилердин, автобустардын жана маршруттук таксилердин айдоочулары үчүн жеткиликтүү болот, деди Сазыков.

Ал кошумчалагандай, коомдук транспорттордун айдоочуларынан кийин кызмат ишкерлер үчүн да жеткиликтүү болот.

Айтымында, кызмат башка салык төлөөчүлөр үчүн жеткиликсиз болот. Сазыков калгандары патент үчүн жарым же бир жылдан кийин терминал аркылуу төлөй алышат, деп болжолдоду.

РСК жана «Залкар» банктары түшүндүрмө берүү үчүн жеткиликсиз болуп чыгышты.

Төлөө процесси

Салык кызматынын басма сөз катчысынын айтымында, салык төлөөчүлөр сүрөтү чапталган жана алар тууралуу толук маалыматтар жазылган патенттин формасын алгандан кийин гана патент үчүн төлөм жүргүзүшөт же аны узарта алышат.

Каалоочулар салык кызматына келишип өзүнүн идентификациялык номуру менен патент алуулары керек. Андан кийин гана ал үчүн терминалдар аркылуу төлөй алышат.

Салык төлөөчүлөр терминалдарда патент төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн Салык кызматынан алган идентификациялык номурларын жазуулары керек болот.

«Биз учурда иштеп чыгып жаткан дагы айырмачылыктар бар», — деп кошумчалады Сазыков.

Бирок  мекеме кандай «айырмачылыктарды» иштеп чыгып жаткандыгын тактап айткан жок.

Патент үчүн төлөмдөрдү жөнөкөйлөткөн «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын май айында кол койгон.

Ал мыйзамда патент салык кызматы тарабынан гана эмес төлөмдөрдү жүргүзө турган терминалдар аркылуу да берилет, деп жазылган.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков