Унаа кырсыгы Москвадан анча алыс эмес Симферополь унаа жолунда 7-августта болду, деп билдирет Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. Каза болгондордун кимдиги аныкталды — алардын сөөктөрүн «жакынкы убакта» Кыргызстанга алып келишет, деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.
17:55 Каза болгондордун тизмеси:
- Атаханов Музафар Кахарович — 1979-жылы туулган (үй-бүлөлүү, 2 баласы бар)
- Турдуев Айтбай Закирович – 1991-жылы туулган
- Топчубай уулу Кыязбек – 1992-жылы туулган
- Акимов Бакытбек Рахматбекович – 1989-жылы туулган
- Муратов Дастан Пирмаматович – 1988-жылы туулган
11:57 Кыргызстандыктардын катышуусундагы жол кырсыгы 7-августта Симферополь унаа жолунун 31-чакырымында болгон, деп билдирет Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва облусунун полициясына шилтеме жасап.
Кыргызстандыктар Москваны көздөй ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаа менен бара жатышкан, деп жазылган элчиликтин пресс-релизинде.
Айдоочу унааны башкара албай каршы тилкеге чыгып кетип, жыйынтыгында жүк ташуучу «Вольво» унаасы менен кагышкан, деп билдирет Кыргызстандын орусиядагы элчилиги.
Жеңил унаадагы беш киши тең каза болгон, жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыр тарткан жок.
Кыргызстандын Орусиядагы консулдугунун кызматкерлери тарабынан каза болгондордун кимдиги аныкталган — алар Москвадан 36 чакырым алыстыкта жайгашкан Подольскиде иштеген Ош облусунан барган кыргызстандыктар болгон.
Учурда сөөктөрүн Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилип жатат.
Бул кыргызстандыктардын катышуусундагы чет өлкөдөгү биринчи унаа кырсыгы эмес. 2012-жылдын май айында кичи унаа менен оор жүк ташыган унаанын кагышуусунун жыйынтыгында Кыргызстандын 16 жараны каза болгон.
2012-жылдын февралында Челябинск облусунун Чебаркуль шаарында унаа кырсыгынан эки кыргызстандык каза болгон, — бир кичинекей бала жана айдоочу.
Автор: Улугбек Акишев
Которгон: Илгиз Чалбараков
Сүрөттүн автору: Pelipe