Олимпиада-2012: Балбан кыз Тыныбекова 1/8 финалдык бөлүктө утулуп, мелдештен четтетилди

Эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 63 килограмм салмак категориясына чейинки олимпиадалык мелдештин биринчи кармашында эле утулуп калды. Аны жеңип алган швециялык спортчу Хенн Йоханссон чейрек финалда утулду, мындан улам кыргыз спортчусу көңүл жубатарлык коло медаль үчүн боло турган күрөшкө катыша алган жок.

Тыныбекова швециялык балбан кыз Хенн Йоханссонго эки бөлүктө тең утулуп калды.

Йоханссон биринчи бөлүктө эки ийгиликтүү ыргытуу жасап, 3 упайга ээ болду. Тыныбекова контрчабуул менен жооп кайтарып 2 упай алды, бирок 2 мүнөттүк аяктаганга чейин эсепти теңей алган жок.

Экинчи бөлүктө Йоханссон эки чабуул жасап эки упай алды.

Күрөштүн соңунда кыргыз тарап Тыныбековага чабуул жасагандыгы үчүн упай бербей койду деп нааразычылыктарын билдиргенге аракет кылышты, бирок калыстар алгачкы чечимин өзгөртүшкөн жок.

«Эки спортчу тең бирдей күрөшүштү. Биздин машыктыруучу нааразычылыгын билдирди, бирок калыс аны эсепке албай койду. Бул Олимпиада, мындай боло берет», — деди «Клоопко» берген маегинде Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Байгазы Кенжебаев. Ал Лондонго кыргыз делегациясынын курамында барып, Тыныбекованын күрөшүнө катышкан.

Эгер Йоханссон мелдештин финалдык бөлүгүнө чыкса Тыныбекованын коло медаль үчүн көңүл жубатуучу мелдешке катышууга мүмкүнчүлүгү болмок.

Бирок швециялык спортчу чейрек финалда япон балбаны Каори Ичого утулуп калды.

Медалга болгон негизги үмүт

Америкалык «Тайм» журналы 19 жаштагы Тыныбекованы Кыргызстандын алтын медалга жетүүдөгү негизги үмүтү деп атаган, ошондой эле аны көңүл бурууга татыктуу болгон олимпиада спортчуларынын рейтингине киргизген.

Ортодо Тыныбекованын Олимпиада оюндарына катышпай калуу коркунучу пайда болгон – 2012-жылдын жай айларында аны Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнөн бир кызды сабаган деп күнөөлөшкөн.

Балбан кыз белгиленген аймактан чыкпоого колкат жазып, ага милдеттендирилген. Бирок 20-июлда Бишкектин Ленин райондук соту спортчунун машыктыруучусу Нурбек Изабековдун кепилдиги менен ага Лондонго барууга уруксат берген.

Тыныбекованын тарабы эч кандай уруп-согуу болгон эмес деп айтып жатат.

Лондон Олимпиадасында Кыргызстандын дагы эки спортчусу калды — 10-августта таэквондо боюнча мелдешке Расул Абдураим катышат, ал эми 12-августта, Олимпиаданын жабылуу аземи боло турган күнү эркин күрөш боюнча мелдешке балбан Магомед Мусаев чыгат.

Авторлор: Бектур Искендер, Гүлжан Турдубаева жана Айшоола Айсаева

Которгон: Илгиз Чалбараков