Ошто насыячылар нараазычылык акциясын ачкачылык жарыялоо менен улантышат

Насыясын төлөй албаган аялдар 10-августтан баштап Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда боз үйлөргө жайгашышып, "коомчулуктун көңүлүн өздөрүнө буруу үчүн" ачкачылык жарыялаарын айтышты. Кичи кредиттик компаниялар ачарчылыктын "пайдасы жок" деп билдиришти.

Бул ачкачылык жарыялоонун негизги себеби "коомчулуктун көңүлүн өздөрүнө буруу" болуп жатканын маалымдады митингчилердин таламын талашып жүргөн юрист Чынгыз Момунов.

"Эртеңден баштап ачкачылык жарыялайбыз. Ушул жерден бирөө ачарчылыктан бир нерсе болсо, баардык нерсесине банктар күнөлүү дейбиз",—деди Момунов.

Ачкачылык канча убакытка созулаары азырынча белгисиз.

Карызын төлөй албаган аялдар, насыялардын "пайзынын жогору" болгондугунан Ош шаарынын борбордук аянтына Өзгөн, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Гүлчө, Кызыл-Кыя, Токтогул райондорунан келишкен.

Эки жумадан бери кичи кредиттик компаниялардын жабылуусун талап кылышат.

Бул нараазычылыктардын уюштуруучусу Венера Аширбаева, митингди ар кайсыл райондордо болуусунун себеби — насыячылардын Ош шаарына келүүгө жолкиреси жок экенине байланыштырат.

"Азыр баары район райондорго кетишти. Жолкирелери жок, райондордун өздөрүндө боз үй тигип олтурушат. Кара-Кулжада, Кызыл-Кыяда бүгүн тигишти. Өзгөн, Токтогулда эртен тигебиз деп жатышат [боз үйдү айтып жатат]. Кандай кыйналган адамдардын кредитин жойсо биз да таркайт элек",—дейт Аширбаева.

Ал эми "Мол-Булак" кичи кредиттик компаниясынын түштүк филиалынын директору Бахтиор Тольбаев, митингчилердин нааразычылык акциясынын пайдасы жоктугун айтуу менен бирге бул жерде башка саясат жүрүп жатканын айтат.

Кандай саясат болуп жатканын Тольбаев анык айталган жок.

Насыясын төлөй албай аялдар эки жумадан бери Ош шаарынын админстрациясынын алдында боз үй тигип мэриядан жардам сурашкан. Жыйынтык чыкпагандыгынан мэриянын имаратын өрттөйбүз деп опузалашкан. Ал эми мэрия булардын көйгөйүнө кийлигише албастыгын билдирген.

Акция учурунда Венера Ашимованы Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери күч колдонуп кармап кетип, кайра ошол эле күнү бошотушкан. Бирок райондук ИИБ бул жөнүндө комментарий беришкен эмес.

Авторлор: Арапбай Тешебаев, Дастан Уметбай уулу