УКМК: 2010-жылы Спорт ордосунун жанындагы жардырууну уюштургандардын бири кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 2010-жылдын ноябрында спорт ордосунун жанындагы жардырууну уюштурган деген шек менен бир адам кармалды. Кармалган адамдын жактоочусу түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

УКМКдан «Жайшуль Махди» тобунун мүчөсүн кармадык деп билдирип жатышат, атайын кызматтагылардын версиясы боюнча, ал спорт ордосунун жанында 2010-жылдын ноябрында болгон жардырууну уютурууга жоопкер болуп саналат.

Атайын кызматтагылар билдиришкендей, алар кармалган адамдын үйүнөн жардыруучу заттардын компоненттерин, жардыруучу детонация, согуштук бычактарды жана «экстремисттик» мүнөздөгү адабияттарды табышкан.

Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө абагында камалуу.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган адамдын жактоочусу анын номурун журналисттерге бербөөнү суранган.

Спорт ордосунун жанындагы жардыруу

Үч адам жабыр тарткан жардыруу 2010-жылдын 30-ноябрында эртең менен Спорт ордосунун түндүк тарабында болгон.

Спорт ордосунун имаратында 7-апрель окуясы боюнча соттун жыйыны өтүп жаткан. Бирок бийлик “жардыруудан” кийин сотту башка жерге өткөрө тургандыктарын билдиришип, жыйынды “белгисиз” мөөнөткө чейин жылдырышкан.

Ишти кароо эки жылдан бери уланып келет — соттук процесс бир нече жолу калыбына келтирилип, кайра токтотулган. Азыр сот 7-апрелде аянтта элге ок аттырган деп күнөөлөнүп жаткан УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталинов айыкканга чейин токтотулган.

Ал убакта Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы болуп турган Марат Иманкулов жардырууну буга чейин «теракт» уюштурууну пландагандыктары үчүн кармалган адамдар менен байланыштырган.

УКМКнын мурунку төрагасынын орун басары Көлбай Мусаев «жардырууну» жасаган адамдардын «Ислам джихадынын союзу» жана Өзбекстандын ислам кыймылы «террористтик» уюмдарына тиешелери бар деп билдирген.

Андан сырткары «Жайшуль Махди»  2010-жылдын декабрында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жанындагы унааны жардырууга, ошондой эле 2011-жылдын январында 3 милиция кызматкерин өлтүрүүгө күнөөлөнүп жатат.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Илья Лукаш