Туристтер 14-июлда көлгө чөгүп кеткен Сергей Касьяновдун денеси табышты. Аны Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Жети-Өгүз районунда жайгашкан орусиялык «Кой-Сару» базасындагы Согуштук-деңиз флотунун кемеси издеп жаткан.
Министрликтин сайтында жазылгандай, 37 жаштагы Касьяновдун денеси көлдө эс алып жүргөн туристтер тарабынан 8-августта табылган.
Анын денеси Ысык-Көл райондук өлүк үйүнө берилди.
Чөгүп кеткен адамдын денеси көлдүн кайсыл жеринде табылгандыгын мекеме тактап жазган эмес — министрликтин басма сөз кызматы бул окуя боюнча кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.
Ал эми Касьяновдун туугандары түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.
Сергей Касьянов 2012-жылдын 14-июлунда анын «Казанка» деген кемеси көлгө оодарылып кеткенде жоголгон — кемеде алты киши болуп, алардын экөө – Касьянов менен беш жаштагы кыз каза болгон.
Элдер дүрбөлөңгө түшүп, ал кызды куткарып калууга аракет кылышкан, бирок куткара алышкан эмес — ал ооруканадан көз жумган, деп жазган ӨКМ 14-июлда өзүнүн сайтында.
Кемедеги төрт бала аман калган, Касьяновдун денесин болсо дээрлик бир ай издешти.
Биргелешкен издөөлөр
Кыргыз куткаруучуларына Орусиянын Согуштук-деңиз флоту жардамга келген — чөккөн адамдын денесин издөөгө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы «Кой Сары» базасынын бир кемеси 6-августта кошулган. .
Буга чейин министрликтин өкүлдөрү Касьянов Кыргызстандын жараны, деп айтышкан.
Орусия элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко августтун башында «Кой-Сары» базасы менен Кыргызстандын ӨКМи жабыр тарткандарды биргелешип издөө боюнча окутууларды өткөргөндүгүн билдирген. Айтымында, бул окутуу биргелешип издөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн.
Каракол шаарынан батыш жакта жайгашкан «Кой-Сары» базасы суу астында торпедалык куралдарды сыноо менен алектенет.
Автор: Алексей Ким
Редактор: Зарема Султанбекова
Которгон: Илгиз Чалбараков
Сүрөт: Paul Munhoven