Башкы прокуратура «Кыргызтелекомдогу» «алдамчылыктар» тууралуу ишти кароону кайра баштады

Башкы прокуратура тергөө 2011-жылы «Кыргызтелекомдогу» мүмкүн болгон мыйзам бузуулар боюнча төрт кылмыш ишинин үчөөсүн «негизсиз» токтотуп койгон деп, тергөөнү кайра жандандырды.  

Башкы прокуратура бул иш боюнча тергөөнү Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү башкы башкармалыгына тапшырды.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун жетекчиси Нурбек Токтакуновдун айтымында, мекеме төрт кылмыш ишинин үчөөсү 2011-жылы «негизсиз» токтотулган деген чечим чыгарган. Укук коргоочу Токтакунов июль айынын ортосунда Башкы прокуратурадан «Кыргызтелекомдогу» мүмкүн болгон мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды сураган.

Кылмыш иштеринин бири «мөөнөтү өтүп кеткендиктен» токтотулган боюнча калды.

«Кыргызтелекомдун» расмий сайтында жазылгандай, мекеме анын ишинде эреже бузуулар болоорун моюнуна алат, бирок аларды «криминалдуу» деп эсептебейт.

Буга чейин Токтакунов Башкы прокуратура мыйзам боюнча белгиленген 2 жума аралыгында «Кыргызтелекомдогу» мүмкүн болгон каржылык мыйзам бузуулар боюнча жиберилген суроосуна жооп бербегендиги үчүн башкы прокурор Аида Салянованы сотко берген — укук коргоочу Башкы прокуратура компаниядагы мүмкүн болгон мыйзам бузууларды «жашырып жатат» деп болжолдогон.

Бишкек райондор аралык соту Токтакуновдун доо арызын 22-августта карайт.

«Кыргызтелекомдогу» «алдамчылыктар»

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2007-жылы «Кыргызтелеком» «Хьювей Технолоджис» компаниясынан жабдууларды «жогорулатылган баалар менен» сатып алган – ошол эле учурда башка компания 235 миллион сомго арзаныраак сунуштаган.

Бул факт боюнча кылмыш иши жети айдан кийин токтотулган — жоюлуп кеткен Каржы полициясынын тергөөчүсү жоопкерчиликке тартууга эч ким жок деген чечим чыгарган.

2010-жылдын апрелинде Каржы полициясы «Кыргызтелеком» тарабынан Бишкек шаарынын борборундагы өндүрүштүк базаны – жер тилкесин «мыйзамсыз» сатуу факты боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда 94 миллион сомдук чыгым келтирилген деп бааланган. Бирок кылмыш иши «кылмыштын курамы жок» болгондуктан токтотулган.

Кийинчерээк, 2011-жылдын апрелинде «Кыргызтелекомдун» кирешелерин төмөндөтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон  — тергөөнүн маалыматы боюнча, компания 2008-2009-жылдары мамлекеттен 2 миллиард сомдой каражат жашырган.

Бул иш боюнча тергөө кимди жоопкерчиликке тартуу керектигин аныктай алган эмес, мындан улам тергөө токтотулган.

«Кыргызтелекомдун» 2008-жылы жабдууларды «жогорулатылган баала» сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши жандандырылган жок — бул келишимдин жыйынтыгында 700 миң сом зыян келтирилген деп бааланган, бирок Башкы прокуратуранын пикири боюнча бул иштин мөөнөтү өтүп кеткен.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Илья Каримджанов