Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Олимпиадада кыргызстандык спортчулардын жолу болбой калгандыгына машыктыруучуларды күнөөлөдү

Лондон Олимпиадасына катышкан спортчулардын машыктыруучулары өз тарбиялануучуларын жетишээрлик даярдык менен камсыз кылган жок, дейт дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Байгазы Кенжебаев. Олимпиада оюндары аяктаган соң ал Кыргызстан курама командасынын машыктыруучуларына карата чара көрө тургандыгын убадалады.

Лондон Олимпиадасына Кыргызстандын атынан 14 спортчу кеткен, алардын он экиси мелдештерден четтетилип, бир дагы медаль ала алышкан жок.

«Клоопко» берген маегинде Байгазы Кенжебаев Кыргызстандын ийгиликсиз катышуусунан кийин курама команданын машыктыруучуларынын жарымы орундарын бошотуп кетүүлөрү керектигин айтты.

Дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин директорунун айтымында, мамлекет спортчулардын «татыктуу» жыйынтыктарды көрсөтүүсү үчүн бардык шарттарды түзгөн.

Олимпиадага даярдык көрүү борборунун директору Насирдин Акылбеков да Олимпидада катышып жаткан спортчулардын машыктыруучуларын күнөөлөдү.

«Мамлекет бардык шарттарды түзгөн, демек башкы машыктыруучулар жоопкерчиликти алыш керек», — деп эсептейт Акылбеков.

Ал спортчулардын Олимпиадалык оюндарга даярдыгын мамлекет «керектүү деңгээлде» каржылап бергендигин айтты. Машыгуулар үчүн Дене тарбия жана спорт боюнча агенттик 100 миллион сом бөлүп берген.

Республикалык улуттук спорт оюндарын өнүктүрүү борборунун башчысы Алмаз Касеновдун айтымында, Олимпиада оюндарында Кыргызстандын ийгиликсиз катышуусуна «начар» машыктыруучулук даярдыктан сырткары спортчулардын көңүлдөнүүлөрү себеп болгон.

«Спортчулардын татыктуу машыгуулары болбой калды. Бизде лидер катары эсептелип жаткандар өздөрүнүн мүнөзүн көрсөтө алышкан жок», — деди Касенов.

Ал «Клоопко» билдиргендей, мамлекет 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадага караганда быйылкы оюндарга «бир топ эле көп» каражат бөлгөн.

2008-жылы кыргызстандыктар 2 олимпиадалык медаль жеңип алышкан —  экөө тең грек-рим күрөшү боюнча - күмүш жана коло.

Таамай атуучу Руслан Исмаиловдун атасы жана машыктыруучусу Тахир ийгиликсиз жыйынтыкка спортчулар менен машыктыруучуларды гана күнөөлөө туура эмес, деп эсептейт.

Таамай атуучу Руслан Исмаилов олимпиадалык оюндарда ок атуунун эки түрү боюнча катышкан: 10 метр аралыктан пневматикалык мылтык менен атуу мелдешине катышып 47 катышуучунун арасынан 21-орунга ээ болгон, ал эми элүү метр аралыктан атууда 41 катышуучунун арасынан 40-орун алган.

«Спортчулар бардык болгон аракеттерин көрүшөт. Менин оюмча, спортчулар мелдешке чыгаарда начар катышып коеюн деп ойлошпойт», — дейт Тахир Исмаилов.

Ал ошондой эле олимпиадалык курама команданын жетишээрлик жеңгээлде каржыланбагандыгын айтып даттанды.

«Клооп» спортчулардын Лондондогу машыктыруучулары менен байланыша алган жок.

Биринчи кызматтан кетүү

Дзюдо боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Сергей Мюстрюков 9-август күнү кечинде кызматынан кетти.

Дзюдо федерациясынын аткаруучу директору Эркин Кадыракуновдун айтымында, Мюстрюковдун кызматтан кетүүсүнүн негизги себеби — 2008-жылы машыктыруучу менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтүнүн аякташы.

Лондон Олимпиадасында Кыргызстандын дагы эки спортчусу калды — таэквондо боюнча 80 килограммга чейинки спортчулардын мелдешинде Расул Абдураим катышат, ал эми эркин күрөш боюнча 96 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча балбан Магомед Мусаев чыгат.

Автор: Карина Жолдошева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков