Кыргызстандын бийлиги казак укук коргоочусу Александр Осадченконун саясий башпаанек жана качкын статусун берүү тууралуу өтүнүчүн кароону баштады. Казахстан укук коргоочуну «алдамчылыкка» күнөөлөп, аны өткөрүп берүүнү талап кылып жатат.
Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги 9-августта Осадченконун качкын статусун берүүнү суранган арызын каттады, дейт министрликтин алдындагы качкындар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Базаргүл Керимбаева.
«Бүгүн биз өтүнүчтү каттадык. Эми качкындын статусун аныктоочу процедураларды аткарабыз», — деди бөлүм башчысы.
«Качкындын статусу жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, казак укук коргоочусунун өтүнүчүн кароо алты айдан бир жылга чейинки убакытка созулушу мүмкүн, деди министрликтин өкүлү.
Казак укук коргоочусу президенттин аппаратына да башпаанек берүүнү өтүнүп арыз жазган – өз кезегинде аппарат Башкы прокуратура менен Тышкы иштер министрлигине Александр Осадченконун ишин жакшылап карап чыгуу тапшырмасын берген.
8-августта Казакстандын бийлиги Осадченкону өткөрүп берүү тууралуу расмий билдирүү жиберген, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Басма сөз кызматтын кызматкери Кыргызстандын башкы көзөмөлдөөчү органы Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин казак укук коргоочусуна качкын статусун берүү тууралуу чечимин күтүп жаткандыгын айтты.
Саясий башпаанек алуу – Осадченконун Казакстанга кайтып барбоосуна мүмкүнчүлүк түзөт. Өз өлкөсү аны «алдамчылыкка» күнөөлөп жатат.
Учурда укук коргоочу Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында, аны 10-сентябрга чейин камашкан, деп билдирет «Азаттык» радиосу.
Буга чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги казакстандыкты өткөрүп берүү боюнча документтерди даярдап жаткандыгын билдирген.
«Мыйзамсыз» кармоо
Осадченко Бишкектин дүкөндөрүнүн биринде жүргөндө аны казакстандык полиция кызматкерлери кармап, өз өлкөсүнө алып кетүүгө аракет кылышкан, ошондо, 2012-жылдын 10-июнунда кармалган, дейт укук коргоочунун расмий өкүлү Ксения Филимонова.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы укук коргоочуну казак жана кыргыз милиция кызматкерлеринин биргелешкен аракетинде кармашкандыгын айтты — Осадченко Казакстанда «алдамчылык» үчүн издөөдө жүргөн.
Осадченконун жактоочулары ал Казакстандын Караганда облусундагы Пиозерск шаарынын негизги укук коргоочусу экендигин айтышты.
Осадченко бир нече жолу жергиликтүү прокуратурага каршы чыккан — ал Приозёрсктун эки прокурорун жана полициянын башчысын кетиргенге жетишкн, деп жазылган жактоочусунун пресс-релизинде.
Казак укук коргоочуларын кармоо
Осадченко — Казакстандын бийлиги артынан түшкөн биринчи укук коргоочу эмес. Казакстандын адам укуктары жана мыйзамдуулукту сактоочу Эл аралык бюросу кеңешинин башчысы Евгений Жовтис 2009-жылы төрт жылга соттолуп, жатак абагына камалган.
Жовтисти бин нече адамдын өмүрүрн алган жол кырсыгына күнөөлүү деп табышкан.
Анын иши боюнча соттун чечими коомдо өтө чоң резонанс жараткан — укук коргоочунун тарапташтары Жовтисти коргоо боюнча бир нече жолу нааразычылык акцияларды өткөрүп, кол топтошкон. Ал эми өкүм чыгарылган соң Евгений Жовтисти коргоо боюнча Эл аралык комитет түзүлгөн.
Укук коргоочунун жактоочулары «Жовтистин күнөөсү далилденген эмес» деп эсептей тургандыктарын билдиришкен.
«Көз карандысыз экспертиза Жовтистин объективдүү деле күнөөсү жок экендигин көрсөткөн. Сот бул фактылардын бардыгын эсине алган жок, берилген 9 өтүнүч каттын бирөө гана канааттандырылган», — деп жазылган укук коргоочуну коргоо боюнча Эл аралык комитеттин сайтында.
Учурда Жовтис эркиндикте — аны мунапыс менен 2012-жылдын 17-февралында кое беришкен.
Автор: Анара Адылбек кызы
Редактор: Зарема Султанбекова
Которгон: Илгиз Чалбараков
Сүрөт “Азаттык” радиосунун сайтынан алынды