Садыркуловдун иши боюнча сот жообуна тартылган адам мунапыс боюнча кое берилиши мүмкүн

Аскердик сот Алтынбек Амракуловго карата козголгон кылмыш ишин амнистия боюнча токтотушу мүмкүн – ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин аппаратынын жетекчиси Медет Садыркуловдун иши боюнча сот жообуна тартылган. Мамлекеттик күнөөлөөчүлөр менен жабыр тарткан тараптын өкүлдөрү да анын күнөөсүн алып салууга каршы эмес.

Эгер соттун чечими боюнча 10 күн аралыгында эч ким даттанбаса судья Марлен Тентимишев Амракуловго карата козголгон кылмыш ишин токтотот.

Мурунку президент Бакиевдин иниси, жоюлуп кеткен Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиевдин мурунку айдоочусу Амракулов Убактылуу өкмөттүн жана Кыргызстандын 20 жылдыгына арналган мунапыска туш келүүдө.

Айдоочу Жаныш Бакиев менен анын жансакчыларын Курманбек Темирбаевдин шаардын сыртындагы үйүнө алып баргандыгын айтты. Темирбаев Садыркулов президенттин аппаратынын жетекчиси кызматынан кеткен соң анын ордуна барган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Садыркулов менен анын жанындагыларды Темирбаевдин шаар сыртындагы үйүндө өлтүрүшкөн, андан кийин унаа кырсыгын атайын уюштурушкан – алгачкы версия боюнча президенттин мурунку аппарат жетекчиси жол кырсыгынан улам каза болгон.

Мамлекеттик күнөөлөөчүлөр Амракуловго карата козголгон кылмыш ишин токтотуу менен макул болушту, жабыр тарткан тараптын өкүлү – Леонид Лужанский да каршы эместигин билдирди.

Сот жообуна тартылып жаткандардын алгачкы көрсөтмөлөрү

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин аппаратынын жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткандардын көрсөмөлөрү 9-августта биринчи жолу угулган — сот жообуна тартылган он адамдын алгачкы үчөө баштапкы көрсөтмөлөрдү ырасташкан.

Сотто Жаныш Бакиевдин мурунку айдоочусу Темирбаевдин шаар сыртындагы үйүнөн ак түстөгү «Лексус» жана каралжын «Ауди» унааларын көргөндүгүн ырастады — алар болжолдуу түрдө тергөөнүн алгачкы версиясында айтылган жол кырсыгына катышкан эки унаа. Ага ылайык, Садыркулов унаалардын кагылышуусунан улам каза болгон.

Унаалар дарбазадан чыгып, Алма-Ата көчөсү менен жогору карай жол кырсыгы болгон жерди көздөй кетишкен, дейт Амракулов.

Жаныш Бакиевди коштоп жүргөн Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку офицери Абдыкалык Жапаров анда дарбазанын сыртында гана тургандыгын айткан – жетекчиси үйдүн ичине кирүүгө тыюу салган.

«Менин укканыма караганда ал жерден орусча кыйкырыктан угулган», — деди сотко Жапаров.

Жапаров кошумчалагандай, ал «кандайдыр бир онтоолор менен кыйкырыктарды» угуп, короого кирген, бирок Бакиев аны чыгарып салган.

Жаныш Бакиевдин экинчи сакчысы Азиз Кожошев да Жапаровдун айткан версиясын аныктаган.

Андан кийин үчөө тең — Амракулов, Жапаров жана Кожошевдер Жаныш Бакиев аларды 2009-жылдын 14-мартында өзүнүн иш бөлмөсүнө чакыргандыгын айтышкан – анда Бакиев алардын кайсыл жерге баргандыгын эч ким билбеши керектигин айткан.

«Ал бизге: «Оозуңарга карагыла, эгер бир нерсе угуп калсам башыңарды алам» деген» — деп айткан Жапаров сотто.

Сот жообуна тартылгандардын айтымдарында, Жаныш Бакиев кайсыл жакка жана эмне үчүн бара жатышкандыктарын сакчыларына эч качан айтчу эмес жана алар менен бирге көп киши бар жерлерде жүргөндү жактырчу эмес.

Садыркуловдун өлүмү

Мурунку президент Бакиевдин аппаратынын жетекчиси кызматынан кеткенден көп өтпөй 2009-жылдын март айында каза болгон.

Садыркуловдун тарапташтары ошондо эле 2007-жылдан бери Бакиевдин бийлигинин жана “Ак жол” партиясынын үстөмдүгүнүн орношуна чоң салым кошкон саясатчыны атайын өлтүрүштү деген версияны айтып чыгышкан.

Уюштурулган унаа кырсыгынын күбөлөрүнүн бири, кырсыкка күнөөлүү деп табылган «Ауди» унаасынын айдоочусу 2010-жылдын апрелинде табышмактуу кырдаалда Бишкектин четинде өлтүрүлгөн.

Аскердик сот Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти 2011-жылы карап баштаган. Ушуга чейин 11 жолу сот жыйыны болду.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков