ЖОЖдор толбой калгандыктан абитуренттерди кабыл алуунун кошумча айлампасы жарыяланды

Билим берүү министрлиги мамлекеттик жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун кошумча айлампасын жарыялады — документтерди кабыл алуу боюнча өткөн үч айлампанын жыйынтыгында бюджеттик орундардын алтыдан бир бөлүгү бош калган.

Билим берүү министри Канат Сыдыков Кыргызстандын мамлекеттик окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун төртүнчү айлампасын жарыялады — бюджеттик негизде окуу бөлүмүнө документтерди кабыл алуу 11-августка чейин, контракттык бөлүмүнө 25-августка чейин узартылды.

Билим берүү министрлиги бюджетке алты миңдей абитуриент тапшырат деп пландап жатат, бирок алтыдан бир бөлүгү — бир миң орун — дагы деле толо элек, дейт министрликтин басма сөз катчысы Керез Жукеева.

Абитуриенттердин жетишсиздиги боюнча физика жана математика багыттары алдыда, дейт басма сөз катчы. Ал эми Кыргыз Агрардык академиясы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы өздөрүнүн бюджеттик орундарын толтурушкан.

Баарынан көп бюджеттик орундар төмөнкү окуу жайларында калган:

  • Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети — 199 бюджеттик орун калган;
  • Ош техникалык университети — 192 бюджеттик орун калган;
  • Жалал-Абад мамлекеттик университети — 133 бюджеттик орун калган;
  • Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — 128 бюджеттик орун калган;
  • Нарын мамлекеттик университети — 111 бюджеттик орун калган;

«Тестке даяр эмес»

Жогорку билим берүү тармагын реформалоо боюнча эксперт Чынара Адамкулова окуу жайларынын толбой калуусуна жалпы республикалык тестирлөө себеп болду деп эсептейт.

Анын пикиринде, абитуриенттер тестке «даяр болбогондуктан», тестирлөө «өзүн өзү актабай жатат».

«Мектеп программасы боюнча окуучуларды тесттерге даярдашпайт. Эгерде мектепте тестке даярдаса, мындай жыйынтыктар болмок эмес», — деди Адамкулова.

Ал жогорку окуу жайлары өтмө баллдарды америкалык окуу жайларындай болуп өздөрү белгилеш керек деп эсептейт.

Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү менен алектенген Билим берүүдөгү баалар жана ыкмалар борборунун менеджери Асель Базарбаева республикалык тестирлөө абитуриенттердин мектептеги алган билим деңгээлин текшерүүгө багытталбагандыгын айтты.

Эгер республикалык тестирлөө окуучунун мектептеги алган билимин баалоого багытталса, анда жогорку окуу жайларында Бишкек мектептеринин бүтүрүүчүлөрү гана окуп калышат, деп эсептейт Базарбаева.

Мисалы, тестирлөө абитуриенттердин логикасын текшерет, логиканы өнүктүрүү үчүн аймактык мектептерде жетишпеген мугалимдер менен китептердин кереги жок, деди администратор.

Жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча башка адис Рахат Бекбоева мамлекет бюджеттик орундарды адистиктер боюнча бөлүштүрбөй жатат дейт.

Бекбоеванын айтымында, айыл чарба тармагы жана педагогикалык адистиктер үчүн баарынан көп акча бөлүнөт, анын пикиринде, дал ушул адистиктер абитуриенттердин арасында «аз төлөөнүүчү» жана «престиждүү эмес» болуп эсептелинет.

Өлкөнүн жогорку окуу жайлары эки этаптан турган болондук системага өткөндүктөн сырттан окуу бөлүмү жоюлган. Анын биринчи этабы төрт жылга созулуп, жыйынтыгында студент бакалавр даражасын алат. Экинчиси – дагы эки жыл окуп, жыйынтыгында магистр даражасына ээ болушат.

Жалпы республикалык тестирлөө — бул үч бөлүктөн турган — математикалык, оозеки-логикалык жана эне тилинин практикалык грамматикасынан турган тестирлөө. Ал Кыргызстанда 2002-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Бир катар адистиктерге тапшыруу үчүн дагы кошума багыттар боюнча тест тапшыруу талап кылынат.

Борбордук Азиядагы Америка университети менен Кыргыз-орус славян университети — абитуриенттерди өздөрүнүн сынактары аркылуу кабыл алып жаткан жалгыз окуу жайлары.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков