«Ата Мекен» «пара алгандыгы» үчүн премьер-министрге карата кылмыш ишин козгоону талап кылып жатат

«Ата Мекен» фракциясы жылкы түрүндө 1 миллион АКШ долларын пара катары алуу фактысы боюнча премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин козгоону Башкы прокуратура менен УКМКдан талап кылып жатат. Өкмөттүн басма сөз катчысы партиянын маалыматын «жалган» деди.

Өмүрбек Бабанов 1 миллион АКШ долларына бааланган аргымакты парага алып, анын ордуна түркиялык «Серка» компаниясына «Манас» аэропортунун аймагына аэронавигациялык мунара курууга уруксат берген, деп билдирди «Ата Мекен» фракциясынан депутат  Жоомарт Сапарбаев.

Ал 25 метр бийиктиктеги мунаранын курулушуна 12 миллион АКШ долларына жетпеген каражат сарпталат деп эсептеп, анын баасын — «жогорулатылган» деди.

«Манас» транзиттик жүк ташуу борбору жыл башында аэропорттун аэронавигациялык системасын заман талабына ылайыктап жаңылоо үчүн 30 миллион долларын бөлгөн. «Атамекенчинин» маалыматы боюнча, бул каражаттан 12 миллион доллар мунаранын курулушуна бөлүнгөн.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстандын аэронавигациялык маалымат кызматы аталган мунаранын курулушуна каршы болгон, ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары курулушту токтотуп туруу чечимин кабыл алышкан.

Бирок жогорку жакта турган органдардын чечимдерине карабастан компания курулуш иштерин улантып, мунаранын пайдубалын салып койду, дейт Сапарбаев.

Аэронавигациялык маалыматтары кызматынан бул маселе боюнча эч нерсе билбей тургандыктарын айтышты.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен «коррупциялык схемалар» боюнча берилген фактылар боюнча тергөө иштерин жүргүзүп, премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин козгоону талап кылды.

Текебаев ошондой эле УКМКдан премьер-министрдин өлкө ичиндеги жана чет өлкөлөрдөгү кыймылын чектөөнү өтүндү.

Фракция жыйынына УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бектен Сыдыгалиев да катышты – ал фракция мүчөлөрү менен макул болуп, аталган фактылар боюнча тергөө иштерин жүргүзүүнү убадалады, бирок бизге түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров «Ата Мекендин» маалыматын «жалган» жана «далилденбей турган» маалымат деп атады.

Ал аэронавигациялык мунаранын курулушу боюнча тендерди өкмөт эмес, «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору өткөргөндүгүн жана аны аткаруу үчүн базанын жетекчилиги «Серка» компаниясын жалдагандыгын айтты.

Анын айтымында, курулуш тууралуу чечимди «Ата Мекендин» «кишиси» — вице-премьер Жоомарт Оторбаев кабыл алган, ал эми бул ишти Унаа жана байланыш министри Калыбек Султанов башкарат.

Каназаров айтылып жаткан аргымакты Өмүрбек Бабанов өзүнүн каражатына сатып алгандыгын кошумчалады.

Ишенбөөчүлүк көрсөтүү

«Клоопко» берген маегинде Жоомарт Сапарбаев өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүнүн негизги себептеринин бири - аэронавигациялык мунараны куруу долбоорундагы «коррупциялык схемалар» тууралуу факт экендигин айтты.

Анын айтымында, жыйын депутаттардын бардыгы Жогорку Кеңештин үчүнчү сессиясынын ишине чогулганда – сентябрда өтөт.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары ага чейин азыркы өкмөттөгү дагы бир нече «коррупциялык схемалар» тууралуу фактыларды алып чыга тургандыктарын айтып жатышат.

«Бул [ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн] жакында ачыкка чыга турган көптөгөн негиздердин бири болуп саналат. Бул тендерлер боюнча, бул улутташтырылган мүлктөр боюнча, бул кендер боюнча», — дейт Сапарбаев.

Ал бул пункттар боюнча кайсы негиздер бар экендигин тактап айткан жок.

Алгач өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча маселени кароо 10-августта болушу керек болгон парламенттин кезексиз жыйынына пландалган, бирок депутаттар анын белгиленген мөөнөттө өтүүсү үчүн добуш бербей коюшкан.

Бул маселени кароону сентябрга жылдырышты. Ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин «Ата Мекен» фракциясы көтөрүп чыккан. Демилгени «Ар-Намыс» менен КСДП колдогон.

Авторлор: Улугбек Акишев жана Карина Жолдошева

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт өкмөттүн сайтынан алынды