Каракол шаарынын прокуратурасы жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоодон экинчи ирет баш тартты - шаар тургуну Глеб Перепелкин аларды «кыйноого алды» деп күнөөлөп жатат. Баш тартууга кылмыштын курамынын жок болушу себеп болгон.
Каракол прокуратурасынын тергөөчүсү Аида Келдибаева экинчи жолу кылмыш ишин козгоодон баш тартты.
Жергиликтүү укук коргоочу Камиль Рузиевдин айтымында, тергөөчү милиция кызматкерлеринин аракетинен кылмыштын курамын таппагандыктан кылмыш иши козгогон эмес.
«Сиздердин арызда көрсөтүлгөн жүйөлөрдү текшерүүдө алардын далилдери табылган жок», — деп жазат Келдибаева өзүнүн билдирмесинде.
Бул караколдуктун арызы боюнча кылмыш ишин козгоодон тергөөчүнүн биринчи жолу баш тартуусу эмес — үстүбүздөгү жылдын июнунда Келдибаева милиция кызматкерлеринин күнөөсү далилденген жок деп, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.
Бирок анда Ысык-Көл облусунун прокурорунун орун басары Кубанычбек Бейшекеев Келдибаеванын баш тартуусун негизсиз деп эсептеп, ишти кайрадан кароого жиберген.
Иш ошол эле тергөөчү – Келдибаевага жөнөтүлгөн.
Ысык-Көл облусунун прокуратурасы мекеменин тергөөчүсү жайкы өргүүдө жүрөт деп, түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
«Баңгизатын “сактайм” деп айттырып. моюнуна алдырууга аракет кылышкан»
Перепелкин Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн баңгизатына каршы күрөшүү тобунун кызматкерлерин «кыйнаган» деп күнөөлөп жатат
Анын айтымында, 19-июндан 20-июнга караган түнү милиция кызматкерлери баңгизатын сактайм деп айттырып, моюунуна алдыруу үчүн анын башына көйнөк ороп сабашкан.
Перепелкин аны “сактайт” деп, моюунуна алдырууга аракет кылган баңгизаттар ал кире электе эле иш бөлмөдөгү үстөл үстүндө тургандыгын айтты.
«Эмне менен ургандыктарын билбейм, менин башыма көйнөк кийгизип салышкан. Сабап башташканда эле мен эсимди жоготтум», — дейт Перепелкин.
Ал «кыйноолор» боюнча милиция кызматкерлерине арыз жазган.
Каракол шаардык ИИБсинин жетекчисинин орун басары Алмаз Ибраев кыйноолор тууралуу коюлган күнөөлөдү четке кагып, андан ары түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
Автор: Александра Ли
Которгон: Илгиз Чалбараков