«Мегакомдогу» уурдоолор боюнча иш кошумча тергөө жүргүзүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү

Биринчи май райондук соту «Мегакомдогу» 142 миллион сом уурдоо боюнча кылмыш ишин кошумча тергөө үчүн кайра жөнөттү. Анткени күнөө коюу процедуралары бузулган жана тергөөнүн документтери кытай жана англис тилдеринен кыргыз же орус тилдерине которулган эмес.

Биринчи май райондук соту «Мегаком» мобилдик операторунун мурунку жетекчилери Алмазбек Абеков менен Азамат Мурзалиевдердин жактоочуларынын өтүнүч катын канааттандырды. Анда жактоочулар тергөөнүн жүрүшүндө калып калган боштуктарды толтуруу үчүн ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү суранышкан.

Компаниянын мурунку жетекчилери мобилдик оператордон акча уурдаган деп күнөөлөнүп жатышат.

Жактоочу Икрамидин Айткуловдун айтымында, тергөөнүн кээ бир документтери англис жана кытай тилдеринде жазылган.

Жактоочу аларды кыргыз жана орус тилдерине которууну суранды — анын пикиринде, документтер которулмайынча сот тарабынан иш «объективдүү» каралбайт.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик күнөө коюучулар документтерде жабдуулардын аталыштары гана чет тилдеринде жазылгандыгын айтышты, бирок бул аргумент сотту ынандырган жок.

Айткулов кошумчалагандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мурзалиев менен Абековго күнөө коюудан мурда аларга жактоочуларды сунуштап, протоколдорду берген эмес.

Каржы алдамчылыгына айыптоолор

Азамат Мурзалиев, Алмаз Абеков жана «Новострой Сервис» ЖЧКсынын директору коррупциялык иштерге барган деген шек менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан 2012-жылдын январь айынын соңунда кармалышкан — алар болжолдуу түрдө 140 миллион сом зыян алып келген каржы алдамчылыгына күнөөлөнүп жатышат.

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, Мурзалиев жана мобилдик компаниянын бир нече башка өкүлдөрү жалган мекемелер аркылуу компаниянын акчаларын өздүк кылып алууга мүмкүнчүлүк берген «коррупциоялык схемаларга» шектелишкен.

2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин компанияны улутташтыруу башталган – өкмөттүн ишендиришинче, мобилдик оператор мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын санаалашы Алексей Елисеевдин карамагында болгон.

2011-жылы Мамлекеттик мүлк министрлиги компанияга башкаруучу кылып Мурзалиевди дайындаган. Анда министрликтин башында азыркы премьер-министр жетектеген «Республика» партиясынын мүчөсү Нурдин Илебаев турган.

Өз кезегинде Мурзалиевди камакка алган УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн.

Автор: Карина Жолдошева

Которгон: Илгиз Чалбараков