Депутаттын уулу менен Кызыл-Кыя милициясы бири-бирин «сабады» деп күнөөлөп жатат

Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлерин «сабагандыгы» үчүн парламент депутаты Турсунбай Бакир уулунун баласы Каныбек Бакировго карата кылмыш ишин козгоосу мүмкүн. Бакировдун өзү болсо аны «кыйноого алгандыктарын» айтып жатат. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп, медициналык экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатышат. 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерин «сабоо» фактысы боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат.

Министрлик ШИИБнин башчысы Мурат Тогуззаковдун сөзүнө шилтеме жасап жатат – Тогуззаков эки милиция кызматкери Турсунбай Бакир уулунун баласынын документин текшерүүгө аракет кылганда, ал берки экөөнү «сабагандыгын» айткан.

Экспертизанын жыйынтыгы билинген соң мекеме Бакировго карата кылмыш ишин козгоо керек же жок экендиги тууралуу чечим чыгарат.

Өз кезегинде Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасы «кыйноолорго алуу» фактысы боюнча депутаттын уулу тарабынан жазылган арызды милиция тарабынан карап жатат

ИИМдин басма сөз кызматы маалымат агенттиктерде жазылган милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду, деген маалыматтарды четке какты.

Депутаттын баласынын кармалышы

Бакировду милиция кызматкерлери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 11-августтан 12-августка караган түнү кармашкан.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, милиция кызматкерлери ориентировка боюнча иштешкен — ага «окшош» унаага издөө жарыяланган.

ИИМдин версиясы боюнча, милиция кызматкерлери Бакировдун документин текшергенге аракет кылышкан, бирок ал каршылык көрсөтүп, аларды «сабаган».

Андан кийин ШИИБнин кызматкерлери аны кармап, милиция бөлүмүнө алып келишкен.

Бакир уулу окуянанын башка версиясын айтып жатат:

«Баткендин начар жолдорунан анын унаасы бузулуп калган. Ошол жерден 4 милиция кызматкери келип, аны сабап салышкан. Унаадан ири көлөмдөгү акчаны алышкан, өзүн болсо милиция бөлүмүнө алып барышып, башына баштык кийгизип кыйнашкан», — деп жазат Бакир уулу өзүнүн «Твиттердеги» баракчасында.

ИИМдин басма сөз кызматы парламентарийдин милиция кызматкерлеринин дарегине карата айткан бул күнөөлөөлөрүн четке кагып жатат.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков