Садыркуловдун иши боюнча сот: Жаныш Бакиевдин жансакчысы мунапыс боюнча кое берилиши мүмкүн

Аскердик сот Абдыкалык Жапаровду мунапыс боюнча кое бериши мүмкүн – ал мунунку президент Курманбек Бакиевдин аппаратынын жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот жообуна тартылгандардын мунапыс боюнча кое берилиши мүмкүн болгон экинчи адам. Мамлекеттик күнөөлөөчүлөр менен жабыр тарткан тараптын өкүлдөрү анын күнөөсүн алып салууга каршы эмес.

Эгер соттун чечими боюнча 10 күн аралыгында эч ким даттанбаса судья Марлен Тентимишев Садыркуловдун өлүмүн жашырган деп күнөөлөнгөн Абдыкалык Жапаровго карата козголгон кылмыш ишин токтотот.

Экс-президент Бакиевдин иниси Жаныштын Бакиевдин мурунку жансакчысы Жапаров Убактылуу өкмөттүн жана Кыргызстандын 20 жылдыгына арналган мунапыска туш келүүдө.

Мамлекеттик күнөөлөөчүлөр менен жабыр тарткан тарап кылмыш ишин токтотууга макул болушуп, соттун өкүмү боюнча даттанбай тургандыктарын  билдирди.

Аскердик сот 9-августта Жаныш Бакиевдин айдоочусу Алтынбек Амракуловго карата ушундай эле чечим чыгарган.

Сот жообуна тартылып жаткандардын алгачкы көрсөтмөлөрү

9-августтагы жыйында Жапаров менен Амракулов Жаныш Бакиев менен бирге Курманбек Темирбаевдин шаардын сыртындагы үйүнө кантип баргандыктарын айтып беришкен – Темирбаев Садыркулов кызматтан кеткенден кийин анын ордуна барган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 12-марттан 13-мартка караган түнү Садыркулов менен анын жанындагылар шаар сыртындагы Темирбаевдин үйүнөн өлтүрүлгөн .

Анда Амракулов дарбазадан ак түстөгү «Лексус» жана каралжын «Ауди» унааларынын чыгып жатканын көргөндүгүн айтып берген — алар болжолдуу түрдө тергөөнүн алгачкы версиясында айтылган жол кырсыгына катышкан эки унаа. Ага ылайык, Садыркулов унаалардын кагылышуусунан улам каза болгон.

Жапаров анда дарбаза сыртында тургандыгын жана «онтоолор менен кыйкырыктарды» уккандыгын билдирген. Айтымында, ал короого кирүүгө аракет кылган, бирок анын мурунку башчысы, Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-жетекчиси Жаныш Бакиев  кирүүгө тыюу салып койгон.

Сот жообуна тартылгандар кошумчалагандай, аларды Жаныш Бакиев  2009-жылдын 14-мартында өзүнүн иш бөлмөсүнө чакырып, кайсыл жерге баргандыктарын эч ким билбеши керектигин айткан.

«Ал бизге: «Оозуңарга карагыла, эгер бир нерсе угуп калсам башыңарды алам» деген» — дейт Жапаров сотто.

Сот жообуна тартылгандардын айтымдарында, Жаныш Бакиев кайсыл жакка жана эмне үчүн бара жатышкандыктарын сакчыларына эч качан айтчу эмес жана алар менен бирге көп киши бар жерлерде жүргөндү жактырчу эмес.

Соттун кийинки жыйыны 16-августта болот. Анда жашыруун маалыматтар каралалып, түшкө чейин жабык эшик артында өтөт.

Садыркуловдун өлүмү

Мурунку президент Бакиевдин аппаратынын жетекчиси кызматынан кеткенден көп өтпөй 2009-жылдын март айында каза болгон.

Садыркуловдун тарапташтары ошондо эле 2007-жылдан бери Бакиевдин бийлигинин жана “Ак жол” партиясынын үстөмдүгүнүн орношуна чоң салым кошкон саясатчыны атайын өлтүрүштү деген версияны айтып чыгышкан.

Уюштурулган унаа кырсыгынын күбөлөрүнүн бири, кырсыкка күнөөлүү деп табылган «Ауди» унаасынын айдоочусу 2010-жылдын апрелинде табышмактуу кырдаалда Бишкектин четинде өлтүрүлгөн.

Аскердик сот Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти 2011-жылы карап баштаган. Ушуга чейин 11 жолу сот жыйыны болду.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков