«Улуттар Биримдиги»: Калкты тейлөөгө жетишпегендигинен Мамлекеттик каттоо кызматына кошумча имарат керек

Мамлекеттик каттоо кызматынын жумушчулар жарандарга болгон орой мамилеси, паспорт жөнүндө маалыматтын жана калкты тейлөөгө кенселердин жетишсиздиги – булардын баары, мекеменин филиалын ачылышына алып келет деп билдиришти депутаттар. Ал эми каттоо кызматы мындай күнөөлөрдү четке какты.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалымдоосу боюнча, жарым жылдын ичинде мамлекеттик каттоо кызматына 1400 арыздануу баракчалары түшкөн.

Ал арыздардын ичинде каттоо кызматынын жумушчуларынын жарандарга болгон мамилеси орой, паспорт туралуу маалымат алуу бонча тоскоолдуктар болгону камтылган.

«Улуттар Биримдиги» партиясынын депутаттыры мекемеде текшерүү өткөзүп, анын ички түзүмүндө көйгөйлөр «көп» деп белгилешти. Алардын ичине негизгиси шаардыктарды тейлөө үчүн кенселердин жетишпестиги.

Партиянын мүчөсү Рыспек Мирзаматов, каттоо кызматынын кошумча филиалы күзүндө ачыла турганын маалымдады.

«Баардыгы эле айтат, ошол жердеги элдер мамлекеттик каттоо ар бир райондо болсо жакшы болмок [...]. Шаардын төрт бурчунан келип кезек карап олтурган элдерге чоң түйшүк»,–дейт Мирзаматов.

Ал эми каттоо кызматынын башчысынын орун басары Мамат Токтобаев, айтылган күнөөлөрдү четке кагып, ачыла турган жаңы имарат боюнча кабары жоктугун айтат.

Токтобаевдин оюнда, мындай маалыматты каттоо кызматынын башчысынын ордуна ушул айда жаңы келген Алмаз Кочонов тараткан.

Бирок ал өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарына кирише элек.

«Жумушка чыга элек. Анан келбей туруп эле жаңы имарат курулат деген туура эмес болсо керек»,–деп айтты Токтобаев.

«Клооп» Кочонов менен байланыша алган жок.

Азыркы учурда шаар боюнча бир гана мамлекеттик каттоо кызматы бар.

Авторлор: Айпери Көбөнова, Дастан Уметбай уулу

Редактор: Айзат Шакиева