2011-жылдагы сот реформасы ордунан чыкпай калгандан кийин Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттун алдындагы Конституциялык палатага болгон 9 талапкерликти кайра башынан карайт.

Конституциялык палатага талапкерлерди тандоо 20-августтан кийин башталат, деди Сотторду тандоо кеңешинин төрагасынын орун басары Жамиля Нурманбетова.

Анын айтымында, 2011-жылы парламент тарабынан тандалып алынган Конституциялык палатанын эки судьясы – Эмиль Өскөнбаев менен Клара Сооронкуловалар ант берип, соттук органдагы иштеринин башталышын күтүп жатышат.

Конституциялык палатага биринчи жолу тандап алуу Роза Отунбаева президент болуп турганда башталган — 2011-жылдын августунда ал Сотторду тандоо кеңеши тарабынан сунушталган 11 талапкерликтин 8ин кабыл албай койгон.

Отунбаевадан кийин өлкө башчылыгына келген Алмазбек Атамбаев мурунку президенттин сегиз талапкерликти кабыл албоо боюнча каршылыгы менен макул болгон.

Сотторду тандоо кеңеши август айынын аягында президенттин Конституциялык палатага болгон талапкерликтер боюнча каршылыгын карайт.

Эгер кеңеш өлкө башчысынын каршылыгы менен макул болсо, анда дагы тогуз талапкерди тандоо болот, макул болбосо Сотторду тандоо кеңеши талапкерлердин тизмесин экинчи жолу өлкө башчысына жөнөтөт.

Конституциялык палата 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Конституциялык сот жоюлган соң түзүлгөн. Конституциялык соттун судьяларын кызмат абалдарын пайдаланып, туура эмес чечимдерди чыгарган деп күнөөлөшкөн.

Жогорку сотко талапкерлер

Нурманбетова билдиргендей, кеңеш Жогорку соттогу бош орундарга 32 талапкерди тандап алган

Ал 21-августка чейин Жогорку соттогу кызматка иштегиси келген бардык талапкерлерге документтерди даярдай тургандыктарын айтты.

Кеңештин төрагасынын орун басары кршумчалагандай, президент Алмазбек Атамбаев «Сотторду тандоо кеңеши жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, талапкерликтерди 10 күн аралыгында карап бүтүшү керек.

Атамбаев себептерин көрсөтүп, талапкерликтердин бирин кабыл албай кое алат. Сотторду тандоо кеңеши болсо анын бул каршылыгын кабыл алып, сынакты кайра өткөрө алат, же өлкө башчысы менен макул болбошу мүмкүн.

Президенттен кийин талапкерликтерди парламент депутаттары карайт — буга 14 күн берилет, андан кийин депутаттар Жогорку соттун жаңы судьялары үчүн биротоло добуштарын беришет.

Жалпысынан Жогорку сотко 35 киши кирет. Азырынча кеңеш жогорку соттук инстанцияга дагы үч талапкерликти тандоону качан жүргүзө тургандыктары белгисиз.

Нурманбетованын айтымында, алар сынакты белгиленген үч орунга эмес, андан көп орун үчүн өткөрсө болот, анткени президент менен парламент кээ бир талапкерликтерди тизмеден чыгарып салуулары мүмкүн.

Жаңы талапкерликтердин тизмесинде Жогорку соттун эски курамындагы 10 адам бар.

Соттук системаны көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш Жогорку сотко талапкерлерди тандап алуунун жүрүшү менен макул болгон эмес.

Жарандык кеңештин мүчөсү Нурбек Токтакуновдун пикиринде, тандап алуу учурурунда Сотторду тандоо кеңеши мыйзам бузган.

Соттук реформа

Жогорку соттун жаңы курамын тандоо 2011-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан соттук реформанын алкагында өтүп жатат.

Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатанын, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун жаңы курамдарын тандап алуу үчүн 2011-жылдын июлунда түзүлгөн.

Анда тандап алуу болбой калган, анткени президент Роза Отунбаева Конституциялык палатага талапкерлердин үчөөнү гана өткөрүп, Жогорку сотко бирөөнү да өткөрбөй койгон.

Депутаттар 2011-жылдын октябрында Сотторду тандоо кеңешинин ишин токтото туруу чечимине келишкен. Кеңеш 2012-жылдын май айында иштеп баштаган — анда Жогорку сотко жаңы тандап алуу жарыяланган.

Автор: Айнура Каарманова

Редактор: Улугбек Акишев